ЖРТден 181 балл алдым, Ала-Тоо университетине тапшыра аламынбы?
Саламатсызбы. Мен быйыл мектепти аяктадым. ЖРТнын жыйынтыгында 181 балл алдым. Өзүм Ала-Тоо эл аралык университетине тапшыргым келет. Кайсы факультеттерде бюджет бар? Университеттин өзүнүн тести болот деп уктум эле, ошол чынбы?
Аида Бөрүбаева
Ала-Тоо эл аралык университетиндеги маркетинг борборунун адиси
"Ала-Тоо" эл аралык университетинде 4 факультет, 15 бөлүм бар. Университетте окутууга жана каржылык колдоого арзандатуулар каралган. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында:
220-240 балл алган абитуриент 100%;
210-219 балл алган абитуриент 75%;
200-209 балл алган абитуриент 50%;
175-199 алган абитуриент 25%;
156-174 балл алган абитуриент 10%;
140-155 алган абитуриент 5% арзандатуу менен окуй алат.
Мектеп, лицей, гимназияны кызыл аттестат менен аяктаган абитуриенттер 20% арзандатуу менен каалаган факультетте билим ала алышат.
Сиздин учурда, 181 балл менен каалаган факультетте 25% арзандатуу менен окуй аласыз.
Белгилей кетсек, AIU EPT тапшыруу сынагы болуп эсептелбейт. Бул тесттин жардамы менен студенттердин англис тилин билүү деңгээли аныкталат жана алар деңгээлдерине жараша бөлүштүрүлөт.
TOEFL (IBT-60 points), IELTS (6.0 points) сертификаттарынын түп нускасы бар абитуриенттер бул сертификаттарынын көчүрмөлөрүн тапшырып, AIU EPT сынагына кирбестен автоматтык түрдө АЭУ-нин биринчи курсуна каттала алышат.
Кененирээк маалыматты университеттин сайтынан http://www.alatoo.edu.kg/ билсеңиз болот.
Бул жактан дагы окусаңыз болот:
Журналист болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?
Кыргызстанга барбай туруп университетке тапшырсам болобу? Адис жооп берет