// //

Быйыл колледждерге кантип тапшырабыз? Мен 9-классты бүтүрүп жатам

2020.07.16, 09:57
1531

Саламатсызбы! Быйыл окууга жайга кантип тапшырабыз? Ошол жөнүндө түшүндүрүп кетиңизчи. 9дун базасынан тапшыра турган кандай колледждер бар?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.07.2020, 10:04

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйылкы жылы кесиптик орто окуу жайларына да абитуриенттерди кабыл алуу онлайн түрүндө жүрөт. Бул сайтка киресиз: http://www.spuz.edu.gov.kg/  

Сынак орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн орточо баллынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн профилдик предметтин баасы боюнча өткөрүлөт.

Эгерде бир орунга бирдей баллга ээ абитуриенттер талапкер болсо, колледж алар үчүн онлайн режиминде кошумча сынактарды өткөрө алат.

Окуу жайга кабыл алынган абитуриенттердин жалпы орто билими жөнүндө аттестаттарынын же жалпы негизги билими жөнүндө күбөлүктөрүнүн түп нускалары окуу жылынын башында кабыл алынат.

Билим берүү министрлиги берген башка жоопторду бул жактан окуй аласыз:

Электрондук кезекке турсак деле бакчага жардам, деп акча талап кылып жатышат

Апам өмүр боюм мугалим болгусу келген бирок атам тыюу сала берет

Кесибим кийим дизайнери мектепте сүрөт сабагынан берип иштесем болобу?

Карантинге байланыштуу контракты төлөө убактысы жылдырылабы?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт