// //

Электрондук кезекке турсак деле бакчага жардам деп акча талап кылып жатышат

2020.01.24, 11:52
1488

Саламатсызбы. Менин кызым мамлекеттик бакчага барат. Айына 1400 сом төлөйбүз. Анын ичинен:

  • бийге – 100 сом;
  • коопсуздук кызматкерине – 100 сом;
  • тамак ашына – 700 сом

Калган 500 сом “Мотылек” дегенге жумшашат экен. Аны эмне кыласыңар десем, самын, кагаз, майда-чүйдө нерселерге дейт.

Бирок бардык эле ата-энелер төлөшпөйт экен. А мен эмне үчүн төлөшүм керек? Же ушундай мыйзам барбы?

Экинчи суроом, электрондук кезекке турсак деле, бакчага жардам деп, ата-энелерден 4000-5000 сом талап кылышат. Ушул боюнча кимге арыздансак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.01.2020, 11:53

Бакыт Рысбеков

КР билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткары окуу башкармалыгынын башкы адиси

Сурооңузга толук кандуу жооп алуу үчүн бала бакчанын номерин жазып койсоңуз болмок. Тагыраак маалыматты бакчанын директорунун өзүнө кайрылып билип алууну сунуштайм.

Экинчи суроо боюнча, “Мотылек” эгер бул ата-энелер тарабынан уюштурулган коомдук бирикме болсо, ага мүчө болуп кирүү ар бир ата-эненин өз ыктыяры. Ошондуктан канча акча чогулутушат, ата-эненин ыктыяры менен гана жүргүзүлөт.

Бул маселелер боюнча Билим берүү министрлигинин райондук бөлүмүнө же министрликтин өзүнө кайрылсаңыз болот.

Телефон номерлер:

0312 66 10 45 - Бишкек шаары боюнча куратор Бакыт Рысбеков.

0312 62 05 03 – Коррупцияны алдын алуу саясатынын сектору.

Андан тышкары Кыргыз Республикасынын ар бир жараны укук коргоочу органдарга анын арызынын негизинде текшерүүнү дайындоо арызы менен кайрыла алат.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт