Карантинге байланыштуу контракты төлөө убактысы жылдырылабы?
Карантин башталгандан бери баарыбыз жумушсуз калдык. Мен магистратуранын биринчи курсунда окуйм. Контрактын жарымы төлөнгөн, эми майдын ортосуна чейин толук төлөгүлө, деп ректорат айтып жатат. Карантинге байланыштуу контракты төлөө убакытсын жылдыруу маселеси каралып жатабы?
Марина Гречаная
КР Билим берүү министрлигинин PR-консультанты
Саламатсызбы. Контракты төлөө боюнча чечимди ар бир жогорку окуу жай өз алдынча кабыл алат. Билим берүү министрлиги өз тарабынан, атайын комиссия түзүп, шарты жок жана муктаж болгон студенттердин акы төлөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, тиешелүү чечим кабыл алууну сунуштаган.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Билим берүү министрлиги берген башка жоопторду бул жактан окуй аласыз:
Электрондук кезекке турсак деле бакчага жардам, деп акча талап кылып жатышат
Апам өмүр боюм мугалим болгусу келген бирок атам тыюу сала берет
Кесибим кийим дизайнери мектепте сүрөт сабагынан берип иштесем болобу?