Кесибим кийим дизайнери, мектепте сүрөт сабагынан берип иштесем болобу?
2020.03.23, 09:49
1593
Мен искусство факультетинин 4 курсунда окуп жатам. Адистигим кийим дизайнери. Сабактан көбүнчө сүрөт тартканды үйрөтөт. Сурайын дегеним, окууну бүткөндөн кийин, мектепте сүрөт, эмгек сабактарынан берип, ишке кирсем болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.03.2020, 09:50
Марина Гречаная
КР Билим берүү министрлигинин PR-консультанты
Саламатсызбы. Мектепте сабак берүү үчүн сөзсүз кайрадан педагогикалык билим алууга тийишсиз. Кайра билим алууңуз квалификацияны өзгөртүү (переквалификация) катары каралып, ага 2-2,5 жыл убактыңыз сарпталат.
Мындай билимди И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетте алсаңыз болот.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп