Апам өмүр бою мугалим болгусу келген, бирок атам тыюу сала берет
Саламатсызбы. Адистен жооп алып бересизби. Апам 40та. Өмүр бою башталгыч класстардын мугалими болгусу келген. Мындан 9-10 жыл мурун сырттан окуу бөлүмүнө тапшыруу мүмкүнчүлүгү болуп турганда, атам каршы болуп койгон, ал ар дайым эле апама тыюу сала берет.
Сурайын дегеним, Нарын мамлекеттик университетинде башталгыч класстын мугалими адистигине сырттан окуса болобу? Контрагы канча сом? Пенсияга чыккандан кийин, канча жашка чейин иштесе болот? ОРТ тапшырыш керекпи?
Апам абдан билимдүү, мугалим болуп жок дегенде 10 жыл иштесем, арманым жок эле, деп басса-турса айта берет.
Айнура Асан кызы
Билим берүү министрлигине караштуу Профессионалдык билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчу адиси
Саламатчылык. Апаңыз районо аркылуу катталып, тестке катышсын. Сертификаттын негизинде өзү каалаган багытка кабыл алабыз.
Нарын мамлекеттик университетинде дистанттык окуунун акысы 22 000 сом. Окуу мөөнөтү 5 жыл.
Учурда пенсияга чыгуу үчүн жаш боюнча чектөө жок. Эгер жакшы иштеп, жакшы натыйжа көрсөтсө, 60-70-жашка чейин иштей берсе болот.
Апаңыз ушул жылдын июль айында сертификаты менен келсин, сөзсүз кабыл алабыз.
Апаңызга ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.