// //

Кош бойлуу мезгилде ооруп калса эмне болот? Гинеколог жооп берет

2018.12.10, 15:25
30575

Дарыгердин көзөмөлүндө жүргөн кош бойлуу аял дени сак наристе төрөйт.

Жогорку даражадагы акушер - гинеколог Гүлзина Мадраимова кош бойлуу айымдардын суроолоруна жооп берди.

                            Кесарево жолу менен төрөгүм келбейт

Биринчи баламды төрт жыл мурда кесарево менен төрөгөм, азыр кайра боюмда бар. Бул жолу өзүм төрөй аламбы? Кандай коркунучтар бар?

Биринчи төрөтүңүз кесарево жолу менен өтсө, экинчиси да сөзсүз ошондой жол менен төрөлөт дегендик эмес. Өзүңүз төрөп алуу көп нерседен көз каранды болот. Мисалы: бул жолу кош бойлуулугуңуз кандай өтүп жатат, биринчи жолу эмне себептен кесарево болгонсуз (кан басымыңыз көтөрүлүп кеткен, же жамбаш сөөгүңүз кичинекей ж.б.у.с.), операциядан кийинки кесиктин (рубец) абалы кандай. Негизи бул маселени сизди көзөмөлдөгөн гинеколог менен бирге чечесиз.

                                       Кош бойлуу үчүн варикоз кооптуубу?

Кош бойлуумун, бутумдун варикозу бар. Кандай жолдор менен дарыланса болот? Буттарым аябай ооруп кээде баса албай калып жатам.

Бул ооруңуз кош бойлуу кезде ого бетер оорлойт. Себеби, сиз ай сайын салмак кошуп, бутуңузга болуп көрбөгөндөй күч келип жатат. Буттун кан тамырлары чоңоюп, ооруңуз күчөп кетти. Ошондуктан "флеболог" деген дарыгердин көзөмөлүндө болушуңуз шарт. (Флеболог – бул кан тамырлардын паталогиясын изилдеп, дарылоочу дарыгер).

                                            Хламидин түйүлдүккө зыян эмеспи?

Ребенка, Живот, Тела, Мальчик, Ребенок

Боюмда бар, анализдерди тапшыргандан кийин менде хламидин бар экен. Дарыгерим боюмда бар кезде дарылаган болбойт деди. Бирок, менин эжеме да ушундай диагноз коюлуп, ал дарыланган. Бул инфекция балага эч кандай таасирин тийгизбейби?

Хламедиоздук инфекция кош бойлуу келиндерге төмөндөгүдөй таасирин тийгизиши мүмкүн: бойдон түшүп калуу, ара төрөлүү, баланын салмагынын аз болушу ж.б. Дарылоо мөөнөткө жана чыккан анализге жараша жүргүзүлөт. Эгер сизде микробдун титрлери болуп, б.а. сиз жөн гана алып жүрүүчү болсоңуз дарылоонун кажети жок. Болгону гинекологдун көзөмөлүндө болосуз.

                                                     Жатыным гипертонуста экен

Кечээ гинекологум ичимди кармап көрүп "жатының (матка) гипертонуста экен", -деп айтып, толтура дары, укол жазып берди. Чынын айтканда ашыкча дары ичип укол алгым келбей эле. Бул чындап эле ушунчалык коркунучтуубу?

Мындай диагноздун себеби эмнеде, жана кандай дарыларды жазып бергенин айтпаптырсыз. Жатындын гипертонусу ар нерседен болушу мүмкүн: кандайдыр бир инфекциядан, стресстен, каныңыздын аздыгынан же болбосо оор жумуш жасагандыктан. Кээ бир келиндер боюнда бар болуп туруп эле үйдөн оор жумуш жасай беришет, мисалы базардан оор баштык көтөрүп жүргөнүн көрсө болот. Сиз кайрадан доктурга барып же аны менен байланышып бардыгын тактап сурап, ал айтканын жасаңыз.

                                                   Валерианка ичип алдым

4 айлык боюмда бар. Жакында эле аябай катуу стресске кабылдым. Колдорум калтырап, жүрөгүмдүн согушу күчөп, валерианка ичип атып араң токтолдум. Мындай көрүнүш балага терс таасирин тийгизбейби?

Стресс бул кош бойлуу эмес кадимки адам үчүн деле абдан коркунучтуу. Сиз кандай абалда болсоңуз ичиңиздеги түйүлдүктүн да жүрөгү ошондой согуп, денеси калтырап, сиздей эле акыбалда болду. Айырмасы, сиз валерианка ичип эс алдыңыз, ал эми балага валерианка жеттиби же жокпу белгисиз бойдон калды. Ошондуктан болбогон неселерге кейибей, сабырдуу болуңуз.

                        Кош бойлуу учурда тишти дарылатса болобу? 

Боюмда бар, тишимдин пломбасы түшүп калды. Тиш доктурга көрүнсөм балага зыян эмеспи? Бирок дарыланбасам болбой калды. Түнү менен ооруп, кыйналып чыктым.

Тишиңизди тезирээк стоматологко барып көрсөтүңүз, инфекция тиштеги балага да, өзүңүзгө да зыянын тийгизет.

                                          Феррум Лек ичип алып кусуп жатам

Анализ тапшырсам гемоглобин 90го түшүп кетиптир, доктур Ферум лек жазып берген. Бирок аны ичсем ичим өтүп, кусуп, шалдырап жатам. Дарыны ичпей эле койсом болобу? Канымды башка кандай жолдор менен көтөрүшүм керек?

Кыргызстандагы кош бойлуу келиндердин 50-60% нын каны аз. Бул коркунучтуу көрүнүш, кош бойлуулуктун татаалданып кетүүсүнүн бирден бир себеби десек жаңылышпайбыз. Түйүлдүк каныңыз аркылуу тамактанат. Элестетиңиз, өзүңүзгө жетпей турса, балага эмнени арттырып жатасыз? Эгерде Феррум Лек жакпаса, башкасын жазып берүүсүн сурангыла. Дары менен кошо тамактанууңузду түрлөп, бодо малдын шорпосун, уйдун тилин, жер жемиштерди, гречка, буурчак кошулган тамактарды, петрушка, укроп ж.б. чөп-чарды көбүрөөк жегиле.  

                                                   Сасык тумоо болуп калдым

Кош бойлуумун. Жакында төрөйм. Бирок 3 күндөн бери сасык тумоо болуп жатам. Эмне кылсам болот?

Урматтуу айым, көпчүлүгү сасык тумоо менен ОРВИнин айырмасын билбей жүрө берет.  Эгер температураңыз 40 градуска жетип, сөөктөрүңүз какшап ооруп жатса тезинен дарыгерге кайрылгыла. Кош көңүл мамиле кылсаңар төрөтүңөргө коркунуч туудурат. Учурда сасык тумоонун түрлөрү көп. Маани бербей жүрө берсе тамактын сезгенүүсүнө, бронхитке, пневмонияга алып барат. Көзөмөлдөөчү дарыгер-гинекологго кайрылсаңыз жардам берет. 

Ден-соолук каалайм! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
04.08.2022, 14:27

Саламатсызбы? Менин тишим бир аз ооруп жатат азыркы учурда кулагым башым кошо ооруйт. стоматологго барсам акыл азууну алдырыш кк деди алдырсам балага зыяны тийбейби? 28 29жума болуп калды эле. 16-26жумага жечин даарылатыш кк дедшти го.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт