Жолдошум эжемен акча алып бербей жатат, эмне кылышты билбей калдым
Жолдошум менен турмуш курганыбызга беш жылдан ашты. Күйөөм менден 11 жаш улуу, жашы 42де. Үйлөнгөндөн кийин жолдошум эжемен карыз акча алды эле. Бир жуманын ичинде берем дегенинен ишенип, тил кат, эч нерсе жаздырган эмесмин.
Бирок ошондон бери алган акчасын кайтарып бере элек. Акча тууралуу сүйлөшсөк эле жаңжалга айланат. “Ошо туугандарыңдын акчасын акчам болгондо берем”, - деп кутулат. “Акча үчүн жашап жүрөсүң”, - деген сөздөрү да тажатты.
Өзүм иштеп кутулайын десем, балдарым майда. Ортобузда үч балабыз бар. Каралаша турган кайын эне, кайын ата жок. Балдарымдын атасы, деп көп урушкум келбейт. Эмне кылышты билбей калдым.
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатсызбы. Түшүнгөнүмө караганда сиз күйөөңүздүн ордуна милдетти өз мойнуңузга жүктөп алгансыз. Жана эжеңиздин алдында ал эмес, өзүңүздү күнөөлү сезесиз.
Акча маселеси абдан чатак болот, көпчүлүк учурда адамдардын ортосундагы мамилени бузуп коет. Менимче, эң жакшысы эжеңиз бул тууралуу өзү күйөөңүз менен сүйлөшүшү керек. Бул алардын карым-катнашы, экөөнүн ортосундагы мамиле. Сиз ага кийлигишпеңиз, өзүңүздү жоопкер сезбеңиз.
Мында сиздин күнөөңүз жок, бул күйөөңүздүн жоопкерчилиги, ошол жоопкерчиликти сиз албай, өзүнө кайтарып бериңиз.
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү
Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок
Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?
Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.