// //

Дистанттык окутуу учурунда балага кантип мотивация берүү керек?

2020.07.07, 19:35
2902

Дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан пандемияга байланыштуу жаңы окуу жылы да дистанттык негизде башталышы мүмкүн. Жаздагы карантинде көпчүлүк ата-энелер балдарын окутууда кыйынчылыктарга туш болушту. Себеби, өзүңдүн жумушуңан, үйдөгү түйшүктөн тышкары балага билим берүү милдети да жүктөлдү, дейт психолог Карлыгаш Акимкулова. Дистанттык окутууда эмнелерге көңүл буруп, ачууланганда кантип өзүңдү токтотушуң керек экенин психолог айтып берди.

Ата-эне кандай кыйынчылыктарга туш болушту?

  • Дистанттык окутууга бала олуттуу мамиле кыла алган жок. Себеби үйдөгү атмосферага ага ыктабайт. Бардыгы тааныш, үйдөгү кийимчен, майда-барат нерсеге алаксып, сабагына баш оту менен кире албайт. Мындай шартта бир жерде 45 мүнөт отуруу абдан кыйын.
  • Баланын сабактарынын так графиги жок. Кайсы учурда эмне боло турганын билбей жашоо, белгисиздик ата-энени да, балдарды да жүдөттү. Ага ыкташып, көнүшүүгө бир топ убакыт кетти.
  • Ата-эне баланын сабагы менен жардам берип жаткан учурда “ата-эне” деген кнопканы өчүрүп коюуну унутуп калышат. Жөн гана түшүндүрүп бергендин ордуна, эмоциялар кошулуп кетет “биз бала кезде мындай эмес элек!”, “мен сендей кезимде тамак жасап, түймө түйүп, бир короо малды карап жетишчүмүн!” ж.б. салыштыруулар айтылат. Жыйынтыгында балада сабак окууга эч кандай каалоо калбай калат.

Мындан кандай натыйжа чыгарсак болот?

  • Окутуу дистанттык формада өтө турганын балдарыңарга алдын ала айтып, моралдык жактан даяр болгула. Айтып жатканда ашыкча эмоцияларды жана нааразычылыктарды кошпой туруп, жөн гана маалымат катары билдиргиле.
  • Ата-энелер, өзүңөрдүн күн тартибиңерге баланы окутуу – деген пункту кошкула, жана ага атайын убакыт бөлгүлө. Ооба, түшунүп турам. Бул оор, бирок сиздин жардамыңыз жок, балаңыз өз алдынча окуусу кыйын болуп калат (бул жерде окуучунун жаш-курагын эске алуу керек).
  • Баланын сабактарына жараша убакыт белгилеп алып, график түзүп, күндүн расписаниесин корүнүктүү жерге илип койгула. Аны бардык үй-бүлө мүчөлөрү көрсүн. Адатта, баланы окутуу жана сабагынан жардам берүү апалардын милдети болуп саналат. Ошондуктан үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттерди тең бөлүштүргүлө. Мисалы, атасы (эжеси, байкеси) кыргыз тил жана адабияттан мыкты болсо, бул сабактар үчүн ал жоопкерчиликтүү болсун.
  • Эмоциялар ашып-ташып турганда (ачуулануу, жинденүү, ызырынуу) 20 секунд эрежесин киргизип алгыла. Башкача айтканда, бири-бирибизге тайм-аут беребиз. Башка бөлмөгө кирип, башка ишке алаксып, мисалы чаң сүртүп, гүлдөргө суу куйсаңар болот. Негизги максат, ошол моментте эмоцины ооздуктоо, жана жиндин бардыгын баладан чыгарбоо. Антпесеңер, балада сабак окууга жана билим алууга негативдүү мамилеси калыптанып калат. Окуу процессине урушууну аралаштырбаганга аракет кылгыла.
  • Кечкисин сабак окуп бүткөндөн кийин, мугалимдик ролдон чыгып, балага ата-эне болгула. Кучактап, эркелетип, тамашалашкыла. Аны жакшы көрөрүңөрдү билдиргиле. Сөзсүз ийгиликтерин белгилеп, мактагыла.
  • Балаңарды изилдегиле, анын өзгөчөлүктөрүн, кайсы сабакка көбүрөөк кызыгат, эмнеге жөндөмдөрү бар, аныктагыла. Ошого жараша окутуу тактикасын иштеп чыккыла. Мисалы, эгер бала көрүү аркылуу маалыматты жакшыраак кабыл алып, визуал болсо, көбүрөөк сүрөттөрдү, видеолорду көрсөткүлө. Ал эми куйма кулак, бир айтканды эстеп калган аудиал болсо, анда оозеки түрүндө айтып берип түшүндүрүүгө аракет кылгыла. Кандай болгон күндө да окуу процессин трагедияга айландырбагыла. Кетирген каталарын улам айткандын ордуна, колдоо көрсөтүп, жаңылуу коркунучтуу эмес, экенин айткыла.

Эсиңерден чыгарбагыла, баланын таянар тоосу, ишенген, колдоо көрсөткөн жана кам көргөн адамы сизсиз.

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:

Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем

Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши

Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу

Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт