// //

Кошуна кыз өзүнө-өзү кол салам деп жүрөт, ага кантип жардам берсем болот?

2020.07.02, 12:10
1414

Саламатсызбы. Менин суроом өтө маанилүү деп ойлойм. Айылда кошуна турган бир карындашым бар. Ал бардык арманын мага айтат. Бир жигит менен сүйлөшүп жүргөн, пикир келишпестик болуп, уруша кетишиптир. Эми ал бала башка кыз менен сүйлөшүп алыптыр.

Тиги карындашым, аябай сүйүп калганбы, айтор күндө ыйлап жатат. Колдорун кескилеп, өзүмдү өлтүрсөмбү деген да ойго барган.

Мен мүмкүн болушунча түшүндүрдүм, бирок менин сөздөрүм ага кеп да болгон жок окшойт.

Кандай кеңеш бере аласыз? Эмне кылыш керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.07.2020, 12:14

Эльвира Чокоева

Психолог

Саламатсызбы. Өзүнө-өзү кол салам деген адамга, “Жок, андай кылба! Ата-энеңди ойло! Ал сенин көз жашыңа татыктуу эмес!” – деген сыяктуу сооротуучу сөздөр эч кандай эффект бербейт. Ого бетер күчөйт.

Андан көрө көбүрөөк суроо бериңиз. Эмне үчүн бул чечимге келдиң? Эмне болду эле? Кандай болду эле? Сен эмнени сезип жатасың? Жан дүйнөң эмне болуп жатат?

Сөзүн бөлбөй, уккула, түшүнүүгө аракет кылгыла. Эч кандай кеп-кеңеш, айтып, акыл үйрөтүүнүн зарылчылыгы жок.

Ошондой эле жакшы психологго кайрылууну сунуштаңыз. Мындай абалда адам үчүн аны түшүнгөн бирөө-жарым болгону абдан маанилүү. Сын айтпастан, анын жүрум-турумуна баа бербестен, жөн гана колдоо көрсөтүү керек.

Башкысы жалгыз калтырбаңыз. Бул ойлору тууралуу жакындарына, ата-энесине да билдиргениңиз туура болот.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү

Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок

Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?

Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт