// //

Бизнесмен Мирбек Асангариев сунуштаган 10 китеп

2018.12.07, 12:20
4944

Бизнесмен Мирбек Асангариев жумушу көп болсо да, күн сайын китеп окууга убакыт табат. Бул жерден ал сунуш кылган китептер тизмесин табасыз.

1. Ричард Брэнсон "Достичь небес"

                                            

Тобокелдиктерге барууну кыялданасыз, бирок эч эле чыгына албай жүрөсүзбү. Анда бул китеп сиз үчүн. Окуп чыккан соң, жөн эле тобокелдиктерге барып тим болбостон, ошол чурдагы көз ирмемдер менен ыракаттанасыз. Эр жүрөктүүлүккө үйрөнөсүз, чыныгы жашоонун даамын сезесиз. Ричард Брэнсон жана анын SpaceshipTwo суборбиталдык космостук учагы менен космоско саякатка барып кылышыңыз толук мүмкүн.

2. Ричард Брэнсон “ К черту все! берись и делай!"

                                       

Эргүү, энергия, эр жүрөктүк жана оптимизм издеп жүргөн адамдар үчүн мыкты китеп.

3. Ричард Брэнсон “К черту «бизнес как всегда»”

                                          

Социалдык жактан жоопкерчиликтүү бизнес түзгүсү келген бизнесмендерге, жаңы рыноктор жана новатордук бизнес - моделдерди издеген ишкерлерге, маанилүү бир нерсе менен алектенип, жакшы киреше табууну каалаган студенттерге пайдалуу китеп.

4. Ричард Брэнсон “Бизнес в стиле Virgin”

                                            

Ийгиликтүү ишкер Ричард Брэнсондон расмий эмес бизнес курс. Aвтор бизнес, лидерлик жана продукттар менен мыкты тейлөөнү жарата турган өзгөчө атмосфера тууралуу баяндайт.

5. “Мои правила. Слушай, учись, смейся и будь лидером”

                                           

Ричард бул жаңы китебинде – мектепти таштап, ийгиликтүү компанияларды ачкан 16 жаштагы өспүрүмдүн принциптери жана жашоо эрежелери тууралуу айтып берет.

6. Клаус Шваб  “Четвертая промышленная революция”

                                     

Клаус Шваб – Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумдун негиздөөчүсү жана президенти. Автордун китебинен учурдагы өзгөрүүлөргө багыт алуу жана андан максималдуу пайда көрүү тууралуу көрсөтмөлөрдү окуй аласыз. Китеп - биздин келечегибизге кызыккан адамдар үчүн.

7. Джо Стадвелл “Азиатская модель управления”

                                         

“Азиатская модель управления” - China Economic Quarterly журналынын башкы редактору Джо Стадвеллдин китеби. Япония, Түштүк Корея, Таиланд жана Кытайдын ийгиликтүү модернизациялары жөнүндө  жазылган.

8. Наполеон Хилл “Продумай свой путь к богатству”

                                       

Китептен Хилл менен Эндрю Карнегинин - кеңеши, ой-жүгүртүүсү жана практикалык колдонмосу сакталган жандуу маектешүүнү окуй аласыз.  

9. Роберт Кийосаки "Богатый папа, бедный папа"

                                       

Роберт Кийосаки: "Балдарыбыз мектептен зарыл болгон каржылык билим алышпайт, жыйынтыгында өмүр бою акча үчүн иштешет" , - деп эсептейт. Роберт акчаны кантип пайдалануу керектигин айтып берет.

10. Тони Роббинс “Книга о власти над собой”

                                            

Көрсө, каалаган максатка жетсе болот экен. Tони Роббинс өз мисалында муну далилдеп берди. Кыялын орундатууну каалаган адамдар үчүн.

Баарыңарга жагымдуу окуу каалайм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
07.12.2018, 19:54

Саламатсызбы загран паспорттун мөөнөтү бүтүүдө, 2-3 жуманын ичинде алмашса болобу 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт