// //

Сүйлөшкөн кызым экөөбүз бирге болуп койдук эле. Кыз чыкпай калса уят болом го

2020.06.25, 12:54
2191

Саламатсызбы. Мен 21 жаштамын. Учурда 4-курс болдум. Жакында үйлөнөйүн дегем. Менин курагымда үйлөнү эрте эмеспи?

Экинчи суроом: Сүйлөшкөн кызым экөөбүз жаштык кылып, бирге болгонбуз. Нике кыйганда кыз чыкпай калса кантем? Уят боломго.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.06.2020, 12:57

Эльвира Чокоева

Психолог

Саламатчылык. Үйлөнүү үчүн баланча жаш курак идеалдуу, деп айтуу мүмкүн эмес. Бул жерде башка маселе жаралып жатат: канчалык деңгээлде сиз мойнуңузга жоопкерчилик алууга даярсыз? Жоопкерчилик – бул үй-бүлөңдү материалдык жактан камсыздоо, кызыкчылыктарын башкалардан (анын ичинде ата-эне жана бир туугандардан) коргоо, ар дайым жөлөк болуу. Сиз бул нерселерге даярсызбы?

Ал эми сүйлөшкөн кызыңыз тууралуу айта турган болсок, бул экөөңдүн гана мамилең, демек экөөңдүн гана ишиң. СИЗ барсыз, СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫҢЫЗ бар. Үчүнчү бирөөнүн ортодогу мамилеге тиешеси жок. Эгер бул кадамга өз эркиңер менен барсаңар, өз эркиңер менен бирге болууну чечесеңер, эмне үчүн сырттан бирөө силерди уяткарыш керек?

Бактылуу болуңуз!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү

Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок

Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?

Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт