Актёр кесибин тандасам,жумуш таап кете аламынбы? Айлыгы канча? Актер жооп берет
Саламатсызбы. Мен келечекте актер болгум келет. Эгер бул кесипти тандасам, жумуш таап кете аламынбы? Алардын айлыгы канча?
Камчы Сарыбаев
Актер
Саламатчылык. Актер жана актрисалардын айлыктары аз. Кыргыз драм театрда орто статистикалык айлык 5000 сом. Бир топ жылдан бери иштеп, эмгек тажрыйбасы көбүрөөк болгондору, мага окшоп 11 миң сом алышат.
Эч ким актерго келип мына жумуш, мына айлык, иштеп бер, деп айтпайт. Кобүнчө тытынып, ролик, клиптерге тартылып, үн коштоолорго жазылып, алып баруучу, тамада боло калып өзүн, үй-бүлөсүн багышат.
Эгер сиздин максатыңыз атактуу болуу жана көп акча табуу болсо, анда башка эле багытты тандоону сунуштамакмын. Бул кесипти жумушун чын дилинен сүйгөн фанаттар гана аркалай алат.
Ийгилик!
Кесип тандоо тууралуу башка суроолорго жооптор:
Бухгалетрияга тапшырсам айлыгы жакшы эле болобу?
Менеджмент тармагын тандасам мага жумуш табылабы? Адис жооп берет
Журналист болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?