Урушчаактык сапаттан кантип арылса болот? Психолог жооп берет
Саламатсызбы. Менин жиним бат эле келе берет. Кыз бала болобу, эркек болобу басмырлаган, ачуума тийген сөздөрдү айтса эле дароо уруша кетем. Кичинемде мындай эмес элем.
Мени ажаансың, деп да айтышат. Бул урушчаактыктан кантип арылса болот? Интернеттен изденип көрдүм, бирок канааттандыраарлык жооп таппадым.
Жашым 26да, турмушка чыга элекмин.
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн! Балким, бала кезиңизде, оюуңузду айтууга жана сезимдериңизди ачык билдирүүгө тыюу салышчу? Мисалы, ыйлаба, ачууланба, тултуңдаба, кыялыңды көрсөтпө, ж.б
Балким, ата-энеңиз сизди катуу кармашкан, жана өспүрүм куракты толук кандуу жашоого мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Адатта, 13төн -16 жашка чейинки балдар бардык нерсеге каршы чыгып, эч нерсени жактырбай калышат. Ата-энесинин пикирине кошулбай, жеке оюн айтууга умтулушат.
Балким, ошол процессти сиз эми гана баштан кечирип жатасыз. Башкалардын көзүн карагандан тажап кеттиңиз, жана адамдар менен урушуу аркылуу каршылыгыңызды көрсөтүүүдөсүз. Мындайча айтканда, жан дүйнөңүз тополоңго түшүүдө.
Булардын бардыга жөн гана божомолдоолор. Өзүңүз деле түшүнүп турсаңыз керек, сиз жазган беш саптын негизинде көйгөйдү толук түшүнүп, анализлдеп, мындан ары эмне кылыш керек жана бул абалдан чыгуу үчүн кандай аракеттерди жасаш керек деген суроолорго рекомендация берүү мүмкүн эмес.
Сиздин маселени сапаттуу иштеп чыгуу үчүн жеке консультация зарыл.
Ийгилик!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү
Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок
Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?
Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.