Класстын ремонтуна деп акча доолап жатышат. Бул мыйзамдуубу?
Саламатсызбы. Суроомо жооп алгым келип жатат. Мен быйыл бүтүрүүчүмүн. Бизге “класстын ремонтун өзүңөр жасайсыңар” – деп жатышат. Бул мыйзамдуубу? Сураштырсам башка мектептер антишпейт экен.
Марина Гречаная
КР Билим берүү министрлигинин PR-консультанты
Саламатчылык. КРдин Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мектептин директорлоруна жана мугалимдерге каражат чогултууга тыюу салды.
Бул тууралуу буйрукка 2019-жылдын 2-октябрында кол коюлган.
Мектептердин административдик жана педагогикалык жамаатына кандай болбосун иш чаралар үчүн окуучулардын ата-энесинен акча талап кылууга тыюу салынат.
Ошондой эле мектептин ата-энелер комитети жана кам көрүүчү кеңештердин финансылык иштерине да кийлигишүүгө акысы жок.
Жетекчилер жана педагогикалык кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Мыйзамсыз акча чогултуу маселелер боюнча ишеним телефондорго чалсаңыз болот.
Мектептин администрациясы же мугалимдер тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталса, айыптуу деп табылгандарга дисциплинардык түрдө акча өндүрүлөт же кызмат ордунан бошотулат.
Ишеним телефондун номерлери: 0312 61 39 72, 0312 62 05 19, 0312 66 30 36
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган
Билим берүү министрлиги берген башка жоопторду бул жактан окуй аласыз:
Электрондук кезекке турсак деле бакчага жардам, деп акча талап кылып жатышат
Апам өмүр боюм мугалим болгусу келген бирок атам тыюу сала берет
Кесибим кийим дизайнери мектепте сүрөт сабагынан берип иштесем болобу?
Карантинге байланыштуу контракты төлөө убактысы жылдырылабы?