Күйөөм кет деп айтат, кетейин десем кетирбейт. Эмне кылышым керек?
Мен өзүм мугалим элем, бирок жолдошум кызганып атып жумуштан чыгарып алды. Үйдө күндө уруш. Ар бир урушканыбызда көңүл калгыдай сөздөрдү айтат.
Кет деп да көп айтат, “макул, кетейин” десем кайра кетирбейт “менден кетип кимге тиймек элең?”, деп. Үч балабыз бар. Ошого карабастан мындан ары жашагым жок, катуу көңүлүм калды.
Басып кетейин десем, төркүнүм алыс, корком. Ушунчалык жүрөгүмдүн үшүн алыптыр. Кандай жол менен кетип калсам болот?
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык. Силер психологияда “Карпман үч бурчтугу” деп аталган кырдаалда жашап жатасыңар. Анда Агрессор бар, Курмандык бар, Куткаруучу бар.
Башкача айтканда күйөөңүз - агрессор, сиз – Курмандыксыз, ал эми психологду - Куткаруучу кылганы жатасыз.
Менин сизге айтаарым, качан гана Курмандык болуудан баш тартканда, ошондо күйөөңүздүн психологиялык зордук-зомбулугуна каршылык көрсөтө аласыз.
Кантип Курмандык болбой койсо болот? Муну сиз гана чечесиз.
- Өз жашооңуз үчүн жоопкерчиликти өз колуңузга алыңыз.
- Чоң адамга окшоп өз алдынча чечим кабыл алыңыз, анын натыйжасы үчүн өзүңүз жооптуу болуңуз.
Адам өзүн-өзү сыйлаганда гана айланадагылар да ага ошондой мамиле жасашат. Сиз ага жол бергениңиз үчүн күйөөңүз сизге ушундай мамиле кылып жатат.
Өзүңүзгө суроо берип көрүңүз: Мен эмнени каалайм? Мага кандай мамиле кылышын күтөм? Эмнелерге туруштук бере алам?
Ийгилик!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган
Карпман үч бурчтугу тууралуу бул жерден окуй аласыз: Эмне үчүн күйөөсү урса деле аял андан кетпейт? Психологдун жообу.
Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү
Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок
Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?
Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.