Ата-энемен коркуп, аттестатымдагы бааны оңдоп койгом, эч нерсе болбойбу?
Саламатсызбы. Суроомо жооп алып бере аласызбы? 2016-жылы мектепти аяктагам, ата-энемен коркуп, бир бааны оңдоп койгом. Эч нерсе болбойбу? Ошол аттестат менен окуу жайга тапшыра аламынбы?
Марина Гречаная
КР Билим берүү министрлигинин PR-консультанты
Саламатчылык. Жок, тапшыра албайсыз. Кабыл алуу комиссиясы мындай документти кабыл албайт. Реалдуу, оңдолбогон аттестаттын дубликатын алуу зарыл.
Эгер аттестатты жоготуп алса жа кандайдыр башка себептерге байланыштуу аттестаттын дубликаты зарыл болуп жатса, анын баасы:
- аттестаттын дубликаты – 41 сом;
- ички “вкладыштын” дубликаты – 20 сом болот.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган
Билим берүү министрлиги берген башка жоопторду бул жактан окуй аласыз:
Электрондук кезекке турсак деле бакчага жардам, деп акча талап кылып жатышат
Апам өмүр боюм мугалим болгусу келген бирок атам тыюу сала берет
Кесибим кийим дизайнери мектепте сүрөт сабагынан берип иштесем болобу?
Карантинге байланыштуу контракты төлөө убактысы жылдырылабы?