// //

Алимент тууралуу эң көп берилген суроолорго жооптор

2020.06.06, 14:35
13137

Bilesinbi.kg алимент тууралуу көп берилген суроолорду топтоп чыкты. Эгер сизде алиментке байланыштуу маселе болсо, бул жерден окуй аласыз. 

Курсактагы балага алимент өндүрсө болобу?

Балаңыз төрөлгөндөн кийин туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатканда күйөөңүз менен аны атасы катары көрсөтүү боюнча сүйлөшүңүз. Макул болуп, каттоо органдарына паспортун алып барса, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн “атасы”деген графасына анын аты-жөнү жазылат. Мындай учурда алимент мыйзамдуу түрдө бала 18 жашка чыкканга чейин төлөнөт. Эгер баланы өз атына каттоого макул болбосо, жалгыз бой эне катары туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн ала бересиз. Андан кийин сотко аталыгын аныктоо жана алимент өндүрүү боюнча доо арыз менен кайрыласыз. Сот карап чыгып, аталыгын аныктап, алимент өндүрүү боюнча чечим чыгарып берет.

Аял өзүнө дагы алимент өндүрсө болобу?

Мыйзам боюнча аял бала төрөлгөндөн баштап 3 жашка чыкканга чейин, баланын алиментинен тышкары, баланы карап отурганы боюнча баланын атасынан өзүнө алимент чегерсе болот. 

Бир балага канча сом алимент төлөнөт?

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин 86-беренесинин, 1-пунктунун негизинде алимент бир балага ата-эненин иштеп тапканынын жана дагы башка кирешесинин  төрттөн бири берилет. Мисалы, алган айлыгы 10 000 сом болсо, 2500 сомун алимент катары төлөөгө милдеттүү. Ал эми, алимент төлөөчү адам жумушсуз болсо, жашаган аймагындагы орточо эмгек акынын төрттөн бир бөлүгүн сот аткаруучу өндүрүп берет. 

Россиянын жараны болгон атадан алимент өндүрсө болобу?

Баланын атасы Россиянын жараны болсо жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы катары катталса, анда мыйзам чегинде алимент өндүрсө болот. Сот аткаруучулар "Россиянын жараны бул жакта жашабайт, чыгып кеткен" деген маалыматтарды чогултуп, Россияга соттун чечими жөнөтөт. Ал жактагы иштеген айлыгынын алимент өндүрүлүп, бул жакка банктагы эсепке түшө берет. 

Алиментке арызды менин атыман башка бирөө берсе болобу?

Биринчиден сиздин атыңыздан арыз бере турган адамдын атына ишеним кат жазып бересиз.  Ал ишеним кат нотариустан күбөлөндүрүлүшү зарыл. Андан кийин, ишеним каттын негизинде ал адам сиздин ишенимдүү өкүлүңүз катарында сотко кайрылса болот.

Өтүп кеткен жылдар үчүн алимент өндүрсө болобу?

Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, алимент сотко арыз тапшырган күндөн баштап эсептелет.

Эгер баланын атасы туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы катары жазылбаган учурда алимент өндүрсө болобу?

Эгер чындап эле ошол адам баланын атасы болсо, доо арыз менен аталыгын аныктоо боюнча сотко кайрылуу керек. Сот "атасы" деп таап берсе, баланын атасынын макулдугу жок эле, алимент өндүрсө болот. 

ЗАГС жок алимент өндүрүүнүн жолдору барбы?

Ажырашкан жубайлардын ортосунда ЗАГС жок болсо да, алимент өндүрсө болот. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн атасы деген графасында күйөөңүздүн аты-жөнү жазылса, өзүңүз жашаган аймактагы сотко, алимент өндүрүү боюнча арыз менен кайрылыңыз. Графада күйөөңүздүн аты-жөнү көрсөтүлбөгөн учурда дагы, сотко доо арыз жаза бериңиз.

Күйөөм баласынан баш тартса, алимент төлөбөй калабы?

КРнын Үй-бүлө Кодексинин 76-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде “Ата-энелик укуктардан ажыратуу ата-энени өз баласына каралашуу милдетинен бошотпойт” деп көрсөтүлгөн. Демек, күйөөңүздүн баласынан баш тартуусу алимент төөлөсүнө эч кандай таасирин тийгизбейт жана алимент төлөбөсө жооп берет.

Күйөөм алиментти төлөбөй жатат. Кимге кайрылсам болот?

Сиз кайсы айларда, канча сом карызы бар экенин эсептеп бериңиз деп сот аткаруучуга  арыз жазыңыз. Сот аткаруучу сизге жазуу түрүндө эсептеп береши керек. Ал эсепти алгандан кийин, кайра эле сот аткаруучуга, күйөөм карызды бербей жатат, эсеби мынча, мыйзамдуу чара көрүү боюнча, ишти күч органдарына өткөрүп бериңиз деп арыз жазасыз. Эгер сот аткаруучу жумушун аткарбаса, анын үстүнөн сот аткаруучулардын жумушун караган соттук департаментке арыз менен кайрылсаңыз болот. Алар сот аткаруучунун кантип иштеп жатканы боюнча чара көрүшөт. Сот аткаруучу алиментти өндүрбөй жатканы боюнча жооп берет. 

Баланын атасынын жумушу жок болсо, алимент өндүрсө болобу?

Эгер айлык алып бир жерде иштебесе, башка киреше булагынан бир балага төрттөн бир бөлүгү, эки балага үчтөн, үч же андан көп балага экиден бир бөлүгү  чегерилет. Мисалы, бизнеси бар болсо, салык кызматынан кирешесин сураса болот. Бул жерде баланын атасы иштейби же жокпу мааниге ээ эмес. Себеби, мыйзам боюнча баланын атасы балдарын камсыздоого милдеттүү. Эгер такыр эле кирешеси жок болсо, биздин улуттук статистиканын атайын мааалыматы бар, ал жерде канча жаштагы балага канча сом кетээри көрсөтүлгөн. Ошол суммага жараша сот аткаруучулар, соттун буйругунун негизинде алимент өндүрүп берет. 

Россияда иштеп жүргөн адам алимент төлөбөсө эмне кылуу керек?

Соттун чечимин аткарбаган өзүнчө бир кылмыш жоопкерчилик. Эгер алимент өндүрүү боюнча соттун буйругу чыкса, бирок адам аны аткарбай Россияга кетип калса, сот аткаруучуга  барып арыз жазуу керек. Сот аткаруучулар карыз катары эсептей берет, анан ал адамга карата бардык чек араларга чектөө коет. Кийин ал Россиядан кайтып келатканда чек арадан соттун чечимин аткарбагандыгы жана алимент төлөбөгөндүгү боюнча кармалып, жоопко тартылат. Ошондой эле, бизде кызматташтык бар. Ага ыйлайык сот аткаруучулар Россияга белгилүү бир адамдын алимент төлөбөй жаткандыгы тууралуу соттун буйругун ка аркылуу жөнөтүшсө болот. Ал жактагылар тиги адамды мекенине кайтарат же айлык алып иштесе тапкан кирешесинин бир бөлүгүнөн алиментке кесип коюшат. 

Алимент өндүрүү үчүн кайда барып, кантип арыз жазыш керек?

Алгач алимент төлөй турган адам менен келишим түзсө болот. Эгер ал келишим түзүүдөн баш тартса, сотко арыз менен кайрыласыз. 

Алимент арызы басылма текст түрүндө берилет жана анын ичинде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) Арыз берилчү соттун аталышы;

2) Өндүрүп алуучунун аты-жөнү, жашаган жери, туулган датасы жана жери, эгерде бар болсо - телефону, факс номери, электрондук почтасынын дареги;

3) Карызкор жарандын аты-жөнү, жашаган жери, туулган датасы жана жери, иштеген жери, эгерде бар болсо - телефону, факс номери, электрондук почтасынын дареги;

4) Өндүрүп алуучунун талабы жана милдеттенмелери;

5) Талаптын негиздүүлүгүн ырастоочу документтер;

6) Тиркелген документтердин тизмеси;

Арызга өндүрүп алуучунун же анын өкүлүнүн колу коюлат. Өкүл бере турган арызга, анын ыйгарым укуктарын ырастаган документ тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин койгон колу мөөр менен ырасталат.

Алимент арызынын үлгүсү

 

_______________________________________

(соттун аталышын көрсөтүңүз)

Өндүрүп алуучу: ______________________________________

(Сиздин аты-жөнүңүз, туулган жылыңыз, айыңыз, күнүңүз, туулган жана иштеген жериңиз)

Дарегим:_____________________________

(Бул жерге өзүңүздүн жашаган даректи, телефон номерди жазасыз)

Карызкор: ______________________________________

(Бул жерге жолдошуңуздун аты-жөнү, туулган күнү, айы, жылы, туулган жана иштеген жери. Эгерде маалыматтарды билбесеңиз “төрөлгөн жана иштеген жерин билбейм” деп жазасыз)

Дареги: _____________________________

(Бул жерге жолдошуңуздун жашаган дарегин, телефон номерин көрсөтөсүз)

 

АРЫЗ (алимент өндүрүү жөнүндө)

Мен ________________________________________, карызкор ______________________________ менен 20____-жылдан бери бирге үй-бүлө куруп жашап келгенбиз. Биздин нике ____________ЖААК бөлүмү тарабынан катталган ((Никелешүү жөнүндө күбөлүк серия номери __________).

Ал эми ортодогу никеден бир перзенттүү болгонбуз:

______________________, 20___-жылдын ___- (айы) төрөлгөн.

Бирок 20__-жылдын _____ айынан бери мамилебиз келишпей, үй-бүлө катары чогуу жашабай калганбыз. Ортодо чыр-чатагыбыздын көптүгүнөн улам ажыраштык.

Азыркы үчүрда балам менен ата-энемдин үйүндө чогуу жашаймын, карызкор жактан ата катары эч кандай жардам жок.

Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 1-бөлүмүнүн 88-беренесинде «Ата-эненин жашы жетпеген балдарына алимент төлөө жөнүндө макулдашуусу болбосо жана эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-энеси туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса же дагы башка кирешеси болсо, сот ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада же ошол эле учурда үлүш түрүндө (86-беренисине ылайык) жана туруктуу акчалай суммада өндүрүп берүүгө укуктуу» деп көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик алым жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктунун 3-бөлүмүндө «Ишти сотто кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик алым алуудан - алименттерди өндүрүү боюнча доогерлер бошотулат» деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык кодексинин 31-беренесинин 3-пунктунда «Алиментти өндүрүп алуу жөнүндө, аталыкты тастыктоо жөнүндө, ата-энелик укуктардан ажыратуу же аларды чектөө жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн» деп көрсөтүлгөн.

Жогоркулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 85-88 жана 112 – беренелерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык-процессуалдык кодексинин 31 жана 247 – беренелерин жетекчиликке алып:

СУРАНАМ:

Карызкор _____________________________________тен – менин пайдама бир балам үчүн – ___________________________________________________________ 18 жашка толгонго чейин, ар ай сайын иштеп тапканынын же дагы башка кирешесинин төрттөн бир өлчөмүндөгү алиментти өндүрүүнү.

Тиркеме:

  1. Аталыгын аныктоо жөнүндөгү көбөлүктүн көчүрмөсү;
  2. Жашаган жерден тактама;
  3. Менин паспорттумдун көчүрмөсү;
  4. Баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн көчүрмөлөрү;
  5. Баламдын ден-соолугу тууралуу берилген тактама;
  6. Арызды карызкорго берүү үчүн көчүрмөсү.

Өндүрүп алуучу: ________ (аты-жөнүңүз) _________________

 

Мисалы:

Жалал-Абад шаардык сотуна

Өндүрүп алүүчү: Шаршенова Амалия Арстанбековна 25.07.1981-жылы төрөлгөн, дарыгер.

Дарегим: Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Э. Осмонов көчөсү, 55-үй, телефон: 055555466.

Карызкор: Атабаев Жолчубай Досматович, 21.01.1982-жылы төрөлгөн, иштеген жери мага белгилүү эмес.

Дареги: Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Жар айылы, Набережный көчөсү, 66-үй, телефон: 0774444693.

 

А Р Ы З (алимент өндүрүү жөнүндө)

Мен, Шаршенова Амалия Арстанбековна, Атабаев Жолчубай Досматович менен 2007-жылдан бери бирге үй-бүлө куруп жашап келгенбиз. Биздин нике 2007-жылдын 03-майында Аксы райондук, ЖААК бөлүмү тарабынан катталган (Никелешүү жөнүндө күбөлүк серия номери КР- ХI № 0400999).

Ортодогу турмуштан бир перзенттүү болгонбуз:

  1. Атабаев Аман Жолчубайвич, 2007-жылдын 08-августунда төрөлгөн.

Бирок 2014-жылдын январь айынан бери мамилебиз келишпей, үй-бүлө катары чогуу жашабай калганбыз. Ортодо чыр-чатагыбыз көбөйүп кетти.  Ушул себептердин негизинде, экөөбүз бирге жашабайбыз.

Азыркы учурда балам менен чогуу жашаймын, Жолчубай жактан ата катары эч кандай жардам жок.

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 1-бөлүмүнүн 88-беренесинде «Ата-эненин жашы жетпеген балдарына алимент төлөө жөнүндө макулдашуусу болбосо жана эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-энеси туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса же дагы башка кирешеси болсо, сот ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада же ошол эле учурда үлүш түрүндө (86-беренисине ылайык) жана туруктуу акчалай суммада өндүрүп берүүгө укуктуу» деп көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик алым жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктунун 3-бөлүмүндө «Ишти сотто кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик алым алуудан - алименттерди өндүрүү боюнча доогерлер бошотулат» деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык кодексинин 31-беренесинин 3-пунктунда «Алиментти өндүрүп алуу жөнүндө, аталыкты тастыктоо жөнүндө, ата-энелик укуктардан ажыратуу же аларды чектөө жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн» деп көрсөтүлгөн.

Жогоркулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 85-88 жана 112 – беренелерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык-процессуалдык кодексинин 31 жана 247 – беренелерин жетекчиликке алып:

СУРАНАМ:

Атабаев Жолчубай Досматовичтен – менин пайдама балам үчүн – Атабаев Аман Жолчубайвич18 жашка толгонго чейин, ар ай сайын иштеп тапканынын же дагы башка кирешесинин төрттөн бир өлчөмүндөгү алиментти өндүрүүнү.

Тиркеме:

  1. Никелешүү жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү;
  2. Жашаган жерден тактама;
  3. Паспорттумдун көчүрмөсү;
  4. А.Ж. Атабаевтын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  5. А.Ж. Атабаевтын ден-соолугу тууралуу тактамасы;

Арыз ээси: Шаршенова А. А.

Арыз сотко келип түшкөндөн кийин 3 күндүн ичинде каралат. Эч кандай соттук отурум жана соттук териштирүү болбойт. Экинчи тараптын келиши зарыл эмес.  Сот өзү чечим чыгарып берет. 

Соттук буйрук чыккандан кийин, аны алып, инсандын жашаган аймактык сот аткаруучуларына барып тапшырасыз. Алар алимент өндүрүү боюнча иш алып барышат. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
n
nargiza kazakova
28.12.2021, 16:16

алимент туралуу арыздын улгусун алсак болобу ворд турундо

 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
03.05.2023, 21:30

Саламатсыздарбы мен казыркы убакта алимент толоп келем, бирок келинчегим казыркы толоп аткан алиментин колому аз болгондуктан. Кошумча каражаттан дагы алгысы келип атат анткени ал каражат кобуроок. Ошондо азыркы толоп аткан алиментти кана ала алабы же кобуроок каражаттан кестирип алышы мумкунбу. Рахмат

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт