Энелик клетканын уругу 3% болуп калыптыр, мен төрөй аламынбы? Гинекологдун жообу
Мен 38 жаштамын. Балдарымдын экинчиси 9га чыгып калды. Эми төрөйүн десем, энелик клетканын уругу 3% болуп калыптыр, энелик клетканын уругун көбөйтсө болобу? Дагы төрөгөнгө мүмкүнчүлүк барбы?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Чынында мен үчүн түшүнүксүз болуп турат, сизге канча пайыз экенин ким жана кантип эсептеп бергени?
Негизи эки көрсөткүчтү билүү керек:
- АМГ (антимюллеров гормон) нормага ылайык 1.0дөн көбүрөөк болууга тийиш. Сумма түрүндө алганда УЗИ боюнча жумуртка бездерде циклдин 5-7 күнүндө 10дон ашык антралдык фолликул болот.
- Овариалдык резерв циклдин 3-5 күнүндө ФСГнин деңгээли да көрсөтүп турат: нормага ылайык 10дон аз болуш керек. Эгер 10-12ден көп болсо бул жумуртка бездеринин соолушунун белгиси.
Аялдын фертилдүүлүгүн (фертильность) калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Анткени кыз бала курсакта болгон кезинде эле жумуртка бездеринде болочок жумуртка клеткалардын белгилүү бир саны калыптанат. Ал эми жыныстык жетилүүгө жеткенде 30-40 миңи калат, алардын азыраак бөлүгү овуляция берет. Көбүрөөк бөлүгү гормоналдык тең салмактуулукту сактоого жумшалат жана овуляция болбогон соң соолуйт.
Аялдардын организми ушунусу менен эркектерден айырмаланат.
Эркектердин сперматозоиддери салыштырмалуу кечирээк жетилет, ошого байланыштуу алардын репродуктивдүү функциясы узагыраак убакытка чейин сакталат.
Ошондуктан аялдарга балалуу болуу пландарын өз убагында ишке ашырып алуу сунушталат.
Фертильдүүлүк – жыныстык жактан жетилген организмдин тукум улоо жөндөмү.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден гинекологдун башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Кош бойлуумун аз-аздан кан кетип жатат. Коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу
Жатыным эки ача экен, бойго бүтүүгө тоскоолдук болбойбу? Гинеколог жооп берет
18 жашымда дары менен бодйон түшүргөм, эми төрөй албаганым ошондонбу?
Жыныс кыным чоң, эмне үчүн мындай? Мен оорубаймынбы? Гинеколог жооп берет