// //

Жыныс кыным чоң. Эмне үчүн мындай? Мен оорубаймынбы? Гинеколог жооп берет

2020.05.22, 11:28
2229

Саламатсызбы. Мен 15 жаштамын. Жыныс кыным (половые губы) чоң. Эмне үчүн мындай? Бул коркунучтуу эмеспи? Бирок эч кандай ыңгайсыздык жаратпайт, оорутпайт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.05.2020, 11:29

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Аялдардын, эркектердин жыныстык органдарынын көлөмү бул индивидуалдык өзгөчөлүк. Мисалы кыздардын төшү да ар кандай көлөмдө жана формада болот. Мындай өзгөчөлүктөр ден соолукка эч кандай таасирин тийгизбейт.

Эгер ыңгайсыз болуп, дискомфорт жаратса башка кеп. Мындайда лазер менен оңдоп койсо болот. Бул процедура атайы клиникаларда жасалат.

Бирок кандай гана орган болбосун анын баштапкы көлөмүн, формасын кескин өзгөртүү сунушталбайт. Себеби алар өзүнө тиешелүү функцияны аткарат.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден гинекологдун башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:

Кош бойлуумун аз-аздан кан кетип жатат. Коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу

Жатыным эки ача экен, бойго бүтүүгө тоскоолдук болбойбу? Гинеколог жооп берет

18 жашымда дары менен бодйон түшүргөм, эми төрөй албаганым ошондонбу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт