Апам мени “көрөйүн деген көзүм жок” деп урушат. Аны кантип кечирем?
Саламатсызбы. Мен 20 жаштамын, төрт бир тууганбыз: эжем, мен жана эки иним. Бизде бардыгы жетиштүү, эч нерседен кем болбой чоңойдук. Болгону апам мени жаман көрөт.
Бала кезимде кызганып жатам го деп ойлочумун. Себеби эжеме сөз тийгизбейт, аны менен тамашалашып, сырдашат, чогу отуруп алып мени шылдыңдашат. Мени кагып, силкип эле турчу. Азыр деле ошондой. Кийимим барбы, бүтүнбү иши жок болчу, ооруп калсам жаныма басып келчү эмес.
Эс тарткандан баштап эле апамдын көңүлүн алганга аракет кылам, каникулда келген сайын апама белегимди ала келем, үйдүн ичин тазалап, жумуштардын бардыгын кылып кетем.
Бир жолу апам эжеме “ушу кызды көрөйүн деген көзүм жок, күйөөгө тий десем укпайт, мээси жок” деп арызданып жатканын угуп калдым. Жигитим бар, бирок турмушка чыккым келбейт. Мени өз апам ушунчалык жек көрүп жатса, чоочун бирөө кантип мени батырат?
Эжем турмушка чыккан. Аны жакшы көрөм, бир тууганым да. Ал апамдын мага жасаган мамилеси үчүн күнөөлүү эмес да.
Эмне кылганда баарын унутам? Кантсе да, апам мени тогуз ай көтөрүп, жарык дүйнөгө алып келбедиби. Апамды кантип кечирем?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн! Тилекке каршы, сиздикиндей абал биздин коомдо көп эле кездешет. Жан дүйнөңүздө абдан көп, жана карама-каршы сезимдер үйүлүп калган өңдөнөт: өзүңдү күнөөлүү сезүү, таарынуу, жакшы көрүү, ачуулануу.
Апаңыз сизди тогуз ай көтөрүп, төрөдү, деп жатасыз. Бирок, сиз апаңыздан мени төрө деп суранган эмессиз. Ал өзү ошондой чечкени үчүн сизди төрөдү. Сиз ага эне болуу бакытын тартууладыңыз.
Апаңыз сизге мээримин төгүп, эркелеткен эмес, жакшы көрүү сезимин тартуулаган эмес. Бул суусу жок кудуктан суу доолаганга барабар. Демек сиз да аны жакшы көрүп, ага мээримиңизди төгө албайсыз. Өзүңүздү жөнү жок кыйнабаңыз.
Бирок апаңыз сизге өмүр берди, бул үчүн сиз аны сыйлап рахмат айтышыңыз керек.
Мен сизге сөзсүз психологго кайрылып, консультация алууну сунуштайм. Анткени, бала кезиңизде алган психологиялык травма, сиздин келечектеги жашооңузга терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн. Апам мени жек көрүп жатса, демек мени эч ким жакшы көрбөйт, деп жазгандарыңызга караганда, кесепети тие баштаган окшойт.
Негизги көйгөйлөр төмөнкүлөрдө болушу мүмкүн:
- ар дайым башкалардын көзүн карап аларга жагалданууга аракет кыла бересиз;
- өзүңүздү бактылуу болууга татыктуу эместей сезесиз;
- ар дайым өзүңүздү жана жеке кызыкчылыктарыңызды курмандыкка чаласыз, анан эмне үчүн мени жакшы көрүшпөйт, деп азап тартасыз.
Сиз эс тартып калган айым экенсиз, 20га чыктыңыз. Эч качан башкалардын тилин алып, өзүңүзгө жакпаган же өзүңүз каалабаган нерселерди жасабаңыз. Апаңыздын тилин алып, күйөөгө тийип кеткениңизде деле ал сизди жакшы көрүп баштабайт.
Апаңызга болгон таарыныч – бул нормалдуу сезим, нормалдуу реакция. Бул эмоцияларды четке какпай, баштан кечирүүгө уруксат бериңиз.
Мен сизге бакыт каалайм.
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү
Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок
Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?