// //

Үй ичиндеги огород: Терезеге жашылча жана көк чөп өстүрөбүз

2018.11.28, 13:40
2354

Сүйүктүү жашылчаларыңызды жыл бою жегиңиз келсе, балконго же терезе текчесине кичинекей огород жасап алыңыз.

Үй ичинде кандай жашылча жана көк чөптөрдү өстүрсө болоорун төмөндөн окуңуз.

                                                                 Бадыраң

Үй ичинде бадыраң өстүрүү үчүн "машенька", "домовенок Кузя”  же “маринда” сыяктуу өзүн-өзү чаңдаштырган сортторду тандагыла. Түбүндө тешиги бар 5 литр контейнер керек. Ага дренаж, нымдалган топурак сээп, үрөндү отургузгула. Эсиңерде болсун, бадыраң көп суу ичет, “сквозняктан” коркот, жылуулукту жактырат. Температураны 20-25 ° Сдан жогору көтөрбөгүлө. 10-12 жалбырак чыккандан кийин учун кесип койгула, болбосо түшүмү жок каласыңар.

                                                                Помидор

Үйгө “беби”, “колибри” же “балконное чудо” карлик сорттору чыдамдуу келет. Уруктарды ири кутучаларга же мойну жок пластик бөтөлкөлөргө сепсе болот. Эң негизгиси, суу куюп тургула, бирок, аша чаап кетпегиле. Помидорлор  өздөрүн 23-25 ​​° С температурада жайлуу сезишет. Мөмөлөр түйүлүп чоңоё баштаганда, бутактарын байлап койгула.

                                                                  Көк пияз

Көк пияздын “ростовский” же “спаский” сорттору түшүмдүү. Отургузуудан мурун пияздарды ысык сууга салып, бир түнгө калтырып койгула, андан кийин баш жагын кичине кесип, кабыгын аарчыгыла. Бири-биринен 1-2 см аралыкта өтө терең эмес кылып отургузгула. Температура 18-20 ° Сден жогору болбосун. 25-30 см узарганда кесип колдоно берсеңер болот.  

                                                               Таттуу калемпир

Үй ичинде өстүргөнгө "остров сокровищ" жана "винни-пух" сорттору ыңгайлуу. Биринчи пластикалык идиштерге үрөөнүн өстүрүп алгыла. 6-7 жалбырак пайда болгондо, 4-5 литрлик керамика контейнерлерге отургузгула. Суу сээп жана куюп турганды унутпагыла, 25 ° С температураны сактагыла. Бышкан жемиштерди дароо үзүп алгыла, бир көчөттө 4 калемпирден көп эмес болушу керек.

                                                                Сабиз

"Пармекс", "софи" же "внучка" мини-сортторун тандасаңар жаңылбайсыңар. Өстүрө турган идиш терең болушу керек. Сабиз жылуулукту жакшы көрөт, бирок, түз тийген кун нурунан соолуп калат. Оптималдуу температура 15 - 25 ° Сга чейин. Бат-бат суу куюп тургула, жер семирткичтерди көп колдонбогула, болбосо жөн эле жалбырак менен сабак өсүп калат.

                                                                 Петрушка

Салмагы 30-60 грамм, тамыры жетилип калган петрушка бат өсөт. Горшокко же кутучага отургузуп, төбөсүн топурак менен көмүп, мол сугаргыла. Өсүп чыккыча салкын жерге кармагыла. Өсүп чыккандан кийин көп жылуулук жана жарык керек, 20-25 ° С идеалдуу. Бат-баттан, бирок, ченеми менен суу куюп тургула.

                                                                Кресс-салат

Бул көк чөптөрдүн өтө жөнөкөйү болуп саналат. Кресс-салатка 18 ° Cдан жогору температура жана орточо көлөкө болсо жетиштүү. Топуракты бат-баттан нымдандырып турсаңар,  2-3 жумадан кийин биринчи түшүмүн берет. Аз-аздан кесип алгыла, анткени кресс-салат бат эле соолуп калат.

Өзүңөр көргөндөй баары жөнөкөй. Үйгө жыл бою жашылчаларды өстүрүү үчүн атайын билим алып, мыкты дыйкан наамын алуунун кереги жок. Камкор жана сабырдуу болсоңор, көп өтпөй биринчи түшүмүңөрдү аласыңар.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт