Күйөөм мени менен да биринчи аялы менен да жашайм дейт, эмне кылыш керек?
Саламатсызбы. Жолдошум экөөбүздүн тең экинчи турмушубуз. Ал биринчи аялы менен аз эле жашап, ажырашып кетишиптир. Алар эки жолго түшкөндөн кийин үч жылдан кийин бир тойдон жолдошум менен таанышып калдык. Көп өтпөй баш кошконбуз. Ортобузда эки уулубуз бар.
Жакында эле, мурунку аялы менен да тымызын жашап жүргөнүн билип калдым. Шок болуп, кийин депрессияга түшүп кеттим. Анын айтымында ата-энеси биринчи келинчегин жактырбай койгондуктан ажырашууга аргасыз болгон. Мага башында такыр башкача айткан эле.
Күйөөм “экөөңөр менен тең жашай берем, экөөңөрдү тең сүйөм” дейт. Мен ага көнбөй ата-энемдин үйүнө кетип калдым. Кайын журтум башында мен тарапта болушчу, эми баласынын сөзүн сүйлөп калышты.
Материалдык абалыбызды айта кетсем, квартирада турабыз. Каражат өзүбүзгө араң жетчү.
Үч айдан бери ата-энемдин үйүндөмүн, бир да жолу балдарынан кабар алып койгон жок. Эмне кылышымды билбей, жүрөгүм ооруп турат. Бир кеңеш берип койгулачы, сураныч?
Виталий Пукаев
Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт
Акыркы кезде жашооңузда көптөгөн окуялар болуптур. Турмушка чыктыңыз, балалуу болдуңуз. Мындан аркы жашоо кубаныч менен бакытка бөлөнүшү керек болчу. Сиз ошону каалагансыз жана күткөнсүз.
Бирок күйөөңүздүн биринчи аялы менен жашап жүргөнүн билдиңиз. Ал сизге ушу бойдон тиричиликти уланта берүүнү сунуштады. Сиз каршы болдуңуз.
Экөөңөрдүн турмуш курууну, үй-бүлөлүк жашоону элестетүүңөр жана келечекке болгон пландарыңар бири-бириңерден кескин айырмаланып турат. Сиз чечкиндүүлүк кылып, ата-энеңиздин үйүнө кетип калдыңыз. Бирок ошону менен маселе чечилип калган жок.
Кол үзүү, эки жолго түшүүнү баштан кечирүү, бул узак процесс. Ал ички күч-кубатты, кайраттуулукту жана убакытты талап кылат. Сизди көп нерсе жарадар кылды. Бул чыккынчылык, калп айтуу, үмүттүн акталбай калышы, кетип калуу, ата-эненин колдоосу, күйөөңүздүн балдарды сурап, издеп келбегени.
Сиздин катыңыздан бир нерсени түшүнө албай койдум. Сиз үйдөн кетип калышыңызды, биротоло кол үзүүү катары кабыл алып жатасызбы, же анын мамилесин өзгөртүп, түзүлгөн кырдаалга таасир эткиңиз келип жатабы?
Ар бир вариант өзүнчө тема. Башкысы, сиздин кабыл алган чечимиңиз, сиздин таяна турган фундаментиңиз. Мындайда туура же туура эмес чечим болбойт. Болгону сиздин жоопкерчилик, жана тандаган жолуңузга даяр болушуңуз абзел.
Шартыңыз болсо, адискөй психологго кайрылып көрүңүз.
Ийгилик!
Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Кайын энем “акчаңды мага жөнөтпөсөң, уулума байша аял алып берем” деди
Мурда мени чанып кеткен кыз эми өзү мага чалып жатат. Ага эмне дешим керек?
Досум деп жүргөн адам мени жамандайт экен. Эмне кылышты билбей турам