Досум деп жүргөн адам мени жамандайт экен. Эмне кылышты билбей турам
Саламатсызбы. Мен жашоодо бардык адамдарды өзүмдөй көрөм, кайра ошонун азабын тартам.
Көп жылдан бери дос болуп жүргөнбүз. Экөөбүз бир туугандай эле болуп калганбыз. Бири-бирибизден эч нерсебизди жашырбай, далай сырдаштык, эч нерсебиз жок калып, бир нанды чогуу жейт элек. Бир дагы суранычын четке каккан эмесмин, ар дайым жакшылыгымды гана жасап келгем.
Акыркы күндөрү иштери жүрүшүп, чөнтөгү толо түштү. Мурунку карыздарынан кутулуп, жашоосу оңолду.
Кызыгы, мени менен учурашпай, саламга да жарабай калды. Мурда аны жамандаган адамдардан ар дайым коргоп турчу элем. Эми ошолордон мени жамандап жүргөнүн уктум.
Ушундай да болобу? - деп таңкалдым. Көңүлүм ооруп калды. Мага кеңеш бергилечи, кантип өзүмдү сооротом, негизи эле адамдарга кандай мамиле кылуу керек? Аларга кантип ишенем?
Виталий Пукаев
Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт
Катыңызды окуп, көңүлүм чөктү. Өзүңүз тууралуу абдан аз маалымат жазыпсыз. Канча жаштасыз, эмне иш менен алектенесиз, үй-бүлөңүз барбы? Сиздин жазгандарыңызды окуганда, өзүңүздүн жашооңуз менен эмес, башка бирөөнүн тагдыры менен жашап жаткандай, өзүңүзгө үстүртөдөн гана көз кырын салып жаткандай элес калды.
Сиз туруктуу достук мамилени каалагансыз. Тилекке каршы, досум деп жүргөн адам сиздин мамилеңизге татыктуу жооп кайтара алган жок. Ал тургай чыккынчылык кылды.
Балким, сиз достукка, негизи эле адамдар менен болгон мамилеге ашыкча маани бересиз? Өзүңүздүн убактыңызды, каражаттарыңызды, сезимдериңизди өтө көп инвестиция кыласыз, башкача айтканда өзүңүздү ошол адамга курмандыкка чаласыз?
Бул сиздин эркиңиз дечи, бирок ошонуңуз менен мамиледеги балансты бузуп жатасыз. Мамиле ар дайым эки тараптуу процесс: достук болобу, сүйүү болобу, ата-эне, бала-чака менен болобу ар дайым тең салмактуулукту сактоо зарыл. Ансыз, өзүңүз байкагандай сизди эч ким баалабайт.
Эмне себептен сизде мындай дисбаланс болуп жатат? Ошонун тегерегинде ойлонуп көрүңүз. Кааласаңыз адиске кайрылыңыз.
Сизде эки тема бар: биринчиси - досуңуз менен бузулган мамиле, экинчиси - адамдарга болгон ишенимдүү кайтаруу.
Адам жашоосундагы белгилүү бир жолду басып өтүп каталарды кетирип, ошону менен тажрыйба топтойт. Бул ситуация сиз үчүн да сабак болуп, тиешелүү корутунду чыгарып алды деген ниеттемин.
Ийгилик!
Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Мамилелер тууралуу бул жерден окусаңыз болот:
Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?
Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам
Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам
Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши