// //

Мурда мени чанып кеткен кыз эми өзү мага чалып жатат. Ага эмне дешим керек?

2020.04.19, 11:22
1865

Саламатсызбы. Аноним болсунчу. Мен 25 жаштамын. Мектепте окуп жүргөнүмдө классташ кызымды сүйүп калып, артынан далай чуркадым. Бирок мени тоготпой, үй-бүлөсү жакшы турган, колунда бар бир бала менен сүйлөшүп жүрдү. Ошондон кийин андан көңүлүм калган.

Мектепти аяктап, окууга тапшырып, кызыл диплом менен бүтүрдүм. Жакшы жумушка кирип, материалдык жактан бардык кем-карчымды өзүм камсыздап калдым.

Жакындан бери, ошол классташ кызым чалып, акыбалымды сурап, мага жакындай баштады. Мен башкалар менен сүйлөшкөндөй эле сүйлөшүп жүрөм.

Эми суроо: мени тоготпой, өзүнө тең көрбөгөн классташ кызым, арадан төрт жыл өтүп, мен бутума, туруп, иштеп, колумда бар болгон үчүн мага кызыгып жатабы же мени пайдалангысы барбы?

Деги эмнени каалап жатат?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.04.2020, 11:27

Виталий Пукаев

Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт

Менде сиздин сурооңузга жооп бергенден мурун кошумча суроолор пайда болду. Акыркы жылдары бир топ ийгиликтерге жетишиптирсиз, окууну мыкты аяктадыңыз, финансылык туруктуулукка жетиштиңиз. Жашоодо бул көрсөткүчтөр абдан маанилүү.

Бирок, 25ке чыкканыңыз менен мектеп курагы эбак эле артта, өткөн чакта калганы менен, классташ кызыңыз, ошол окуя сиз үчүн дале маанилүү окшойт. Азыркыга чейин ошол ситуацияны кое бере элексиз, дагы деле жүрөгүңүздө, жан дүйнөңүздө жашап келет.

Катыңызда таарыныч, нааразычылык бар. Сиз сүйүп калган адам сезимдериңизден баш тартып, башка бирөөнү тандап кеткени катуу тийген.

Сиз ал сезимдериңизди эмне кылдыңыз эле? Ачык билдирдиңиз беле? Жоктоп кайгырдыңыз беле? Көңүлүм калды, деп жаздыңыз, эмнеден көңүлүңүз калды: ошол кыздан бы же дегеле сүйүүдөнбү?

Ал кыз кайрадан сизге чалганда кандай сезимдер каптады: Сүйүнүү? Коркуу? Ачуулануу? Сыймыктануу?

Суроолорум көп, булардын барын өзүңүзгө берип, жоопторуңузду угуп, анан ситуацияны толугу менен жиликтеп чыккандан кийин, жеңилдеп калмаксыз.

Сурооңузга ошол кыз өзү эле жооп бербесе, анын эмнени каалап, жатканын жана кандай максатта сизге байланышканын эч ким айтып бере албайт. Анын өзүнөн сурап алууга сизге эмне тоскоолдук болуп жатат?

Азыркы тапта, сиз үчүн башкысы өзүңүздүн сезимдериңизди жана каалоолоруңузду түшүнүп алуу.

Ийгилик!

Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

 

Кыз-жигиттердин мамилелери тууралуу бул жерден окусаңыз болот:

Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?

Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам

Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам

Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт