// //

Кайын энем "акчаңды мага жөнөтпөсөң, уулума башка аял алып берем" деди

2020.03.21, 12:01
16445

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

"Акчаңды мага салбасаң, балама башка аял алып берем"

Үч баланын энесимин. Күйөөм экөөбүз ажырашкандан кийин дароо башкага үйлөнүп алган. Көп өтпөй мен дагы турмушка чыктым. Эркектер алганга чейин жыргатам дей беришет экен, азыр оор абалда турам.

“Үч балаңды өзүмдүкүндөй көрөм” дегенинен үйлөнө элек классташымдын сунушуна макул болгом. Чоң той берип баш коштук. Иштеп бутка туралы деп Москвага жөнөдүк. Жумуш таптык. Мага караганда күйөөм жакшы табат, болбоду дегенде күнүнө 5000 рубль. “Мен айлыгымды балдарыма салайын” десем макул болгон. Бактыбыз көпкө узабады.

Кайын энем “акчаңды мага бербесең балам менен жашабайсың”,-деп кыялын көрсөтө баштады.

Күйөөм дагы өзгөрүп апасынын сөзүн сүйлөп калды. Менин айлыгым 28 000 рубль. Ал эми күйөөм айына 100 000 рублдан көп табат. Эки балам бала бакчага барат, атам такси айдайт, апам балдарым менен үйдө. Анан аларга мен жардам бербесем, ким каралашат.

Үйгө түнөбөй калды. Айына бир жолу келип кабар алат. Эми кайын энем уулуна башка аял алып берем деп жатыптыр. Күйөөм, “Акчаңды берсең сени менен болом. Мен жазда кетип үй салам, ал жерде сен дагы жашайсың, болбосо апам тапкан кызга үйлөнөм” деди. Эмне кылсам экен? Айлыгымды аларга жөнөтсөм, балдарымдын тамак-ашы эмне болот?

Адис кеңеш берет

Виталий Пукаев,

Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт

Сиздин абал абдан татаал. Экинчи нике экенине карабай, көптөгөн учурлар ачык сүйлөшүлгөн эместей көрүнөт. Экинчи күйөөңүздүн балдарыңызды жакшы көрөм деген убадасынын ичине, аларды ар дайым эле каржылайм дегени кирген эмес да э?

Учурдагы жолдошуңуз башка нерсеге таянган болушу мүмкүн, мисалы - балдардын өз атасы жардам берерине.

Биринчи күйөөңүз балдар эмес, сиз менен ажырышкан. Экинчи ирет үйлөнсө дагы балдарын камсыздоо милдетинен аны эч ким бошоткон эмес. Катыңызда бул жагдайлар тууралуу так маалымат жок. 

Экинчи күйөөңүз сиздин жана өзүнүн ата-энесине кандайча жардам бергиси келет? Бул жөнүдө баш кошоордун алдында сүйлөшүп, макулдашып алдыңар беле? Анын сизге карата үмүтү ишке ашпай калгандай өңдөнөт. Бул өз кезегинде бүт үй-бүлө мүчөлөрүн камтыган чыр-чатакты пайда кылууда.

Күйөөңүздүн сизге койгон талаптары өтө эле кескин угулат. Үй-бүлөнөрдөгү мамилелериңер кандай? Аны менен ким жашашы керек экенин ким чечет? Өзүбү же энесиби? Сиз кимисине турмушка чыккансыз?

Катыңызда оор тандоого туш болгонуңуз байкалып турат: өнөктөштүктү сактоо (үй-бүлөнү эмес, балдар каржылык тараптан гана кирет) же мамилени токтотуу. Балдарыңызда башка ата-энени тандоо мүмкүнчүлүгү жок, болбойт дагы, сизден башка эч кимиси жок. Андыктан бул жерде сиздики туура, аларды камсыздап, тарбиялоосуна катышууга милдетүүсүз.

Ал эми өнөктөш тандоо жагынан - эркинсиз. Сиз жеке өзүңүздүкүн эмес, башкалардын талаптарын, каалоо-тилектерин жазыпсыз. Өзүңүздүн жеке позицияңызды издөө, чечим кабыл алууга жардам берет.

Бактылуу болуңуз!

Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт