Мага катуу сүйлөп коюшса эле, кечке ойлонуп, сыгыла берем. Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Мага психологдон кеңеш керек. Мен 18 жаштамын, мед.колледжде окуйм. Беш убак намаз окуп, жоолук салынам.
Аябай сезимталмын, бирөө мени капа кылса, башка адам күнөөлү болсо деле көпкө ойлонуп, ыйлай берем. Мага катуу сүйлөп коюшса эле кечке ошону ойлонуп, сыгылам.
Тез ачууланам, кайра тез эле тарап кетем. Өзүмдү туугандарыма, досторума кереги жоктой сезем, ойлорумдун айынан депрессига түшүп, тамакка табитим да жоголуп кетет.
Эмне кылыш керек, кеңеш бериңизчи?
Камила Юсупова
Психолог
Сиздин баалуулуктарыңыз, башка адамдардан көз каранды окшойт. Ошондой эле алар сиздин ойго кошулбай койсо же шылдың кылса кантем деген коркуу сезими пайда боло берет экен.
Сиз үчүн башкысы, өзүңө болгон ишенүүнү бир калыпка келтирип, аны көзөмөлдөп туруучу механимзмдерди иштетүү. Ошондо сизди курчаган адамдардын пикиринен көз каранды болбойсуз.
Өзүңө болгон ишеним адамдын мүнөзүндөгү туруктуулукту пайда кылат. Өзүңүздүн жакшы сапаттарыңызды эстесеңиз. Бул сапаттарыңыз ар дайым сизди коштоп жүрөт, эч качан жок болуп кетпейт. Кимдир бирөө аларды байкабаса, же кабыл албаса, демек ал жок дегендик эмес.
Бир нерсени билбей калуу, же түшүнбөй калуу, адашуу, жаңылуу бул нормалдуу процесс, ар бир адам өз башынан өткөрөт.
Андан тышкары күндө өзүңүзгө кичинекей ийгиликтериңиз, позитивдүү окуяларыңыз тууралуу эскертип туруңуз. Булар сиздеги позитивдүү сапаттардын иштелип чыгышына жардам берет.
Ал эми негативдүү ойлоруңуз канчалык деңгээлде негиздүү, аларга кандайдыр бир далилдер барбы? Жаман ойлор сизди ичтен талкалап, кайгыга түшүшүңүзгө шарт түзөт. Ошондуктан аларды позитивдүу ойлорго айландырыңыз. Бул нерсени күндө жасоо керек. Акырындык менен жан дүйнөңүздөгү өзгөрүүлөрдү байкай баштайсыз.
Ийгилик!
Психолог Камила Юсупованы инстаграмдагы @institute_auca_kg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Үй-бүлөдөгү мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Күйөөдөн көңүлүм калды, ушуну ата-энеме кантип түшүндүрөм? Психологдун кеңеши
Жолдошум таарынчаак, “ажырашам” – деп туруп алды. Эмне кылышты билбей турам
Онлайн сабак окуп отурсам “эч нерсе кылбайсың, пайдаң жок” – деп айтышат