Жолдошум таарынчаак, “ажырашам” – деп туруп алды. Эмне кылышты билбей турам
Саламатсызбы. Жолдошум экөөбүздүн эки кызыбыз бар. Учурда эки ажырым жолдо турабыз. Себеби, ал бат таарынат, анан көк бет. Мен сүйлөбөсөм, бир ай деле сүйлөбөй жүрө берет.
Өзү жакшы адам. Мээнеткеч, жоош. Тапканынын бардыгын бир туугандарына берет. Мен “качанкыга чейин тапкан-ташыгандыңды бере-бересиң, биз деле тиричилик кылалы” - деп, жаман көрүндүм. Биз үч абысынбыз. Баарыбыз россияда бир квартирада турабыз. Ошого өзүнчө туралы, деп айткам.
Оокатын чогултуп кетип калды. Буга чейин эч кимге айтчу эмес элем, эжеме чалып, ал-жайды түшүндүрдүм. Эжем күйөөмө телефон чалса, айтыптыр, “сиңдиңиз жакшы, анын эч кынтык таба албайм, балдарды жакшы карайт, оокатка тың. Бир гана туугандарыңа бербе, өзүбүзчө жашайбыз дей берет” дептир.
“Ажырашам” - деп туруп алды. Үч жолу айттым кыздарыбыз үчүн аракет кылалы десем, такыр болбой койду. Анда-санда телефон чалып, кыздар менен сүйлөшөт, анда да бат эле телефонду өчүрүп салат. Дагы деле бирге жашайбыз, деген үмүт менен жүрөм.
Менин катачылыгым, эмоцияларымды башкара албай, ачуум менен көңүл оорутаарлык сөздөрдү сүйлөп салам. Эмне кылышым керек?
Камила Юсупова
Психолог
Сизди айтып бергендериңизге караганда жолдошуңуз кыздарын жакшы көрөт, бир туугандарына да абдан жакын. Сыягы ал бир туугандарына материалдык жактан колдоо көрсөтүүсүн жана алар менен бирге жашоосун токтоткусу келбейт жана муну туура деп көрөт. Ал үчүн бул абдан маанилүү окшойт.
Күйөөңүздүн позициясы түшүнүктүү. Эми сиздикин карайлы. Сиз үй-бүлөнү сактап калуу үчүн аны ошо бойдон кабыл алууга даярсызбы? Кандайдыр бир иш аракеттерди жасап баштоодон мурун чынында эмнени каалап жатканынызды ойлонуп, жакшылап түшүнүп алыңыз.
Үй-бүлөнү сактап, бирге жашоо үчүн жубайлардын принциптери, баалуулуктары, жашоого болгон көз карашы бирдей болууга тийиш.
Өзүңүздүн жана күйөөңүздүн каалоосун билип, бирге отуруп сүйлөшкөндөн кийин үй-бүлөнү сактоо керекпи же жокпу деген суроого жооп аласыз. Ачык сүйлөшүү аркылуу, келечекте да бири-бириңердин оюңарды толук угуп, көйгөй чечүүгө даяр же даяр эместигиңерди түшүнөсүңөр.
Ал эми балдар үчүн гана үй-бүлөнү сактап калуу керек деген ой жаңылыш. Алгач экөөңөрдүн мамилеңер тууралуу ойлонуу керек. Ата-энеси бактылуу болсо балдар да бактылуу боло алышат.
Психолог Камила Юсупованы инстаграмдагы @institute_auca_kg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.