// //

Күйөөдөн көңүлүм калды, ушуну ата-энеме кантип түшүндүрөм? Психологдун кеңеши

2020.04.10, 10:43
1447

Саламатсыңарбы. Жашым 20да, турмушка чыгып, эки эле ай жашап, ажырашып келе бердим. Кош бойлуу элем, азыр кызыма алты ай болуп калды.

Айтайын дегеним, ата-энем кызыңды таштап, эртерээк турмушка чык, деп жатышат. А мен кызымды эч кимге калтыргым келбейт. Таап берген жигиттер такыр жакпай койду, кемчилигин издей берчү болдум.

Күйөөдөн көңүлүм калды, турмушка чыга турган оюм жок. Ата-энеме кантип түшүндүрөм? Эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.04.2020, 10:43

Камила Юсупова

Психолог

Берген сурооңузга өзүңүз эле жооп бердиңиз. Турмушка чыккыңыз келбейт, кызыңызды ата-энеңизге калтыргыңыз келбейт. Бул сиздин каалооңуз, сиздин чечимиңиз. Демек, кандай чечим кабыл алсаңыз да, ал туура чечим болуп саналат.

Турмушка чыккыңыз келбей турганы, түшүнүктүү жана мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ажырашканыңызга аз эле убакыт өттү, өзүңүзгө келе элексиз, жараттарыңыз айыга элек.

Ата-энеңизди да түшүнүп турам, алар сизге бакыт каалап, тезирээк теңин таап, орун алып калсын, деп жатышат. Бирок, бул сиздин жашооңуз, ата-энеңиздики эмес. Ар ким өз тагдырын өзү чечүүгө милдеттүү.

Турмушка чыккым келбейт, кызымды өзүм карайм, деп так жана даана чечтиңиз. Эч ким сизди кыйнап күйөөгө берүүгө акысы жок. Болгону өзүңүздүн позицияңызды ата-энеңизге жеткирүүгө аракет кылыңыз. Менимче, аларга түшүндүрүп берүүнүн жолун табасыз.

Бактылуу болуңуз!

Психолог Камила Юсупованы инстаграмдагы @institute_auca_kg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт