Онлайн сабак окуп отурсам “эч нерсе кылбайсың, пайдаң жок” – деп айтышат
Атым аноним болсун. Жогорку окуу жайлардын биринде окуйм. Карантинге байланыштуу айылга, ата-энемдикине келгем. Учурда онлайн сабактар болуп жатат, тапшырмаларды аткарып жетишпей калам. Колум бошогондо үй жумуштарына жардам берем. Сиңдилерим деле бар.
Акыркы учурда “отурасың, эч нерсе кылбайсың, пайдан жок” – деген ачулуу, көңүлгө тиерлик сөздөр айтылып жатат. Ошонун айынан түшүнбөстүктөр, уруш-талаш көбөйдү.
Тажап кеттим, эмне кылышты билбей турам. Кеңеш бергилечи?
Камила Юсупова
Психолог
Карантин учурунда сиздин жана жакындарыңыздын эмоциялары түшүнүктүү. Башкысы, үй-бүлө мүчөлөрү сизди атайылап ачуулантып, же тийишкис келип жаткан жок, ошол эсиңизде болсун.
Болгону адамдар өздөрүнүн сезимдерин, ойлорун ачык айтканды билишпейт. Мисалы, сиз үчүн катардагы көрүнүш болушу мүмкүн, а бирок жакындарыңыз аны түшүнүшпөйт. Анткени сиз бул тууралуу ачык айткан жоксуз. Ошонун айынан түшүнбөстүктөр келип чыгат.
Мындай ситуацияларды азайтуу үчүн белгилүү бир режимди сактаңыз. Саат канчадан канчага чейин сабак окуйсуз, кайсы учурда бош болосуз жана үй жумуштарын кыла турганыңызды айтыңыз. Ошол режимди бузбаңыз. Сабакты толук жетишпей калсаңыз да, айткан убакытыңызда, үйдөгүлөргө жардам бериңиз.
Мунун бардыгын алдын ала айтып, макулдашып, сүйлөшүп алыңыз. Белгилүү бир милдетти же жумушту, мага калтырып койгула, мен жасайм деп алдын ала билдириңиз. Айткан сөзүңүзгө туруңуз. Убакытты раионалдуу бөлүштүрүүгө аракет кылыңыз. Анан сабак окугандын ордуна соц. тармактарда отурганыңызды көрүшсө, албетте, бул ачууланууну жаратат.
Эсиңизде болсун, мындай кырдаал убакытлуу көрүнүш. Жакындарыңыз менен мамилени бузуп албаганга аракет кылыңыз. Жашоо акыры өз нугуна кайтып келет.
Ийгилик!
Психолог Камила Юсупованы инстаграмдагы @institute_auca_kg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Бул жерден дагы окусаңыз болот:
“Башкалар сонун эле эмизип жатпайбы, кандай эле сенден сүт чыкпайт?” деп урушат.
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?
Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?