// //

Күйөөмдүн спермасы кан аралаш чыгат. Окурмандарын суроолоруна уролог жооп берет

2020.05.04, 14:22
4554

“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог Азат Бейшенов түз эфирибизде конокто болуп, окурмандардын суроолоруна жооп берди.

- Күйөөм простатит болуп ооруп калды. Жыныс мүчөсүнө майда бүдүрчүлөр дагы чыгып кетти. Бул кооптубу?

- Простатиттен жыныс органына бүдүрчөлөр чыкпайт. Бул деген теринин оорусу. Ошон үчүн дерматологго кайрылып, эмне оору экенин билүү керек. Ал эми простатит боюнча урологго барып кеңеш алсын. Кооптубу же жокпу ошондо билинет.

- Пролактин гормону эркекте көп болсо, аялдын боюна бүтүүдө кыйынчылыктар болушу мүмкүнбү?

- Ооба, бойго бүтүү кыйын болушу мүмкүн. Ар бир адамда гормондордун нормасы болот, пролактиндин дагы. Мисалы, эркекте тестостерон көбүрөөк, пролактин азыраак болот, ал эми аялдарда тескерисинче. Гормондордун жетишсиз болушу дагы, ашыкча болушу дагы көйгөй жаратат.

- Балам беш жарым ай. Төрөлгөндө калтасы чоң болуп төрөлдү. Дарыгерлер “водянка”  экенин жана бир жашка чейин кетип калаарын айтышты. Бул коркунучтуу эмеспи?

- “Водянка” – бул жөнөкөй тил менен айтканда ыйлакча, жумуртканын бир чел кабыгына суу толуп калышы. Эгер бир жаштан үч жашка чейин кетпесе, операция жасоо керек. “Водянкада” пункция жасалат, ийне менен калтаны тешип, суусу сордуруп алынат. Бул ыкманын артыкчылыгы, балага жеңил болот, оорутпайт. Терс кесепети кайра пайда болушу мүмкүн. “Водянканы” канчалык эрте алса, ошончолук жакшы. Себеби анын көлөмү чоңоюп кетсе, жумуртканын өсүшүнө тоскоол болот.

- Мен көп жылдан бери айдоочу болуп иштейм. Эмне дарыларды ичип турсам болот?

- Жалпысынан алганда, айдоочуларда үч-төрт көйгөй болот. Көп отургандан улам бел оорусу, геморрой, простатит, гастрит же ашказан жарасы. Себеби кыймыл-аракет аз болуп, киндиктен ылдый органдарга кан жүгүрбөй, алар начар иштей баштайт. Колдон келишинче физикалык көнүгүү жасап туруу зарыл жана отурган кресло жумшак болушу керек. Жыл сайын дарыгерге барып текшерилип туруңуз. Ошондо кандай дарыларды ичүү керек экени билинет. Эч качан өз алдынча дарыканага барып, дары сатып албагыла.

- Саламатсызбы! Он алты жаштагы инимди отургуза элекпиз. Азыр отургузсак болобу?

- Болот. Бул жерде эч кандай коркунучтуу же уят нерсе жок. Бир гана жери жаш балдарга салыштырмалуу айыгуу процесси бир аз узагыраак болот.

- Спирт ичимдиктерин көп ичкенден улам простатит болушу мүмкүнбү?

- Простатит болушу мүмкүн, бирок ал башка оорулар менен чогуу өнүгөт. Спирт ичимдиктери эң биринчи кан тамырларга терс таасир берет. Кан тамырларды кеңейтип, ошол эле заматта ичкертип жиберет. Анан органдарга жакшы кан жетпей, сезгенүү пайда болуп, ар кандай ооруларга алып келет.

- Жыныс мүчөнү чоңойтуу операциялары ишенимдүүбү? Канча сантиметрге чейин узартылат?

- Жыныс мүчөнү чоңойтуучу операциялар ишенимдүү. Бирок жасатардан мурун консультацияга келип көрүнүш керек. Уролог операция жасоо керекпи же  жокпу айтат.

- Сперма 35% болсо бойго бүтөбү? Нормада канча болуш керек?

- Канчалык көп болсо ошонолук жакшы. 35 пайыз менен бойго бүтө берет.

- Күйөөм простатит болуп ооруйт. Анализ тапшырган. Спермасы кан аралаш чыгат. Эмне кылсак болот?

- Сперманын кан аралаш чыгуусу көбүнчө простатиттен болушу мүмкүн. Анткени кан тамырлар сезгенүүдөн борпоң болуп калат, айрым жеринен кан агып сперма кан аралаш чыгат. Ошондуктан сезгенүүнү дарылоо керек. Дарыгерге кайрылгыла. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт