// //

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

2019.04.02, 14:43
52305

Уруктуктун эрте түшүшү жыныстык жашоого терс таасирин тийгизет: аял кумар алганга жетишпей калат, эркек өзүн жемелейт.

Bilesinbi.kg бир нече уролог жана сексологдор менен байланышып, жыныстык катнашты кантип узартса болоорун сурап көрдү.

Жыныстык катнашты узартуу ыкмалары

Энергияңызды туура сарптайсызбы? Тамактануу, уйку режимиңиз нормадабы? Жашоо образыңызды карап чыгыңыз. Ашыкча тамактануудан, майлуу, ачуу, газдалган азыктардан алыстаңыз. Убагында эс алып, спорт менен машыгыңыз.

  • Уруктуктун эрте түшүшүнө жыныстык катнаштын жыштыгы таасир берет: жыныстык катнаш канчалык аз болсо, бел суу ошончолук бат түшөт. Андыктан төшөк оюнун регулярдуу кылганга аракеттениңиз.
  • Фрикцияны (жыныстык катнаштагы кыймыл) токтотуу менен да төшөк оюнун узартуу мүмкүн. Эрекция жакындап калганда кыймылды токтотуп (жыныс мүчөнү аялдын кынынан алып чыкпастан), төмөндөгөндө кайра улантуу керек.   
  • Көпчүлүк учурда жыныстык катнашка экинчи ирет барган эркектер аялды оргазмга жеткире алат.
  • Өнөктөшүңүздүн жардамы менен бел суунун эрте түшүшүн алдын алсаңыз болот. Ал үчүн эякуляция жакындап калганда, жыныс мүчөнүн башын манжа менен басып, дүүлүгүнү токтотуңуз. Бул ыкманы бир нече ирет кайталаңыз.
  • "Дагы баягыдай болуп эрте түшүп калса эмне кылам" деген пессимист ойлордон арылыңыз. 
  • Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кадимки презерватив жардамга келет. Презерватив жыныс мүчөнүн сезимталдуулугун төмөндөтөт, натыйжада эрекция узарат.

Эскертүү! Аталган көнүгүүлөрдү жасоодон мурун, уролог, сексолог же психологго кайрылып эмне үчүн бул көйгөйгө туш болгонуңуздун себебин аныктаңыз. 

Бел суунун эрте түшүшү бул оору. Уролог айтып берет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
21.09.2022, 18:17

Саламатсызбы төшөк маселсини кантип узартса болот

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт