// //

Кайын энем балдарымды “атасын тартып жалкоо” – деп урушат. Психологдун кеңеши

2020.04.29, 12:27
1362

Саламатсызбы. Кайын энем менен жолдошум тил табыша алышпайт. Көп урушушат. Кайын энем жолдошума “сен өмүрү жыргабайсың!” – деп көп айтат. Биздин эки балабыз бар, аларды да “атасын тартып, эч нерсе жасабаган неме болуп калышат го”, - дей берет.

Жолдошум чынында эле жалкоо. Үйдөгү аялдын да эркектин да жумушун кайын энем экөөбүз кылабыз.

Эми суроом: Менин балдарым жолдошумду көрүп, кайын энемдин айткандарын угуп кандай болуп чоңоюшат? Кийин мени укпай, тилимди албай, айтышып калышабы, деп корком.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.04.2020, 12:30

Карлыгаш Акимкулова

Психолог

Саламатчылык. Жолдошуңуз кайын энеңизге же сизге жакпаса, анын терс жактарын көрүп турсаңыз да, эч качан балдардын көзүнчө атасы жөнүндө жаман айтпагыла. Балдар чоңоюп эс тартып калгандан кийин кимдин кандай экенин өздөрү эле түшүнүп, өздөрү эле жыйынтык чыгарып алышат.

Сиз атасын жамандаган сайын, балдарыңыз айтылган сөздөрдү өзүнө кабыл алышат, атам жаман болсо, мен аны тартсам, мен да жаман окшойм, деген ой калыптанып калат. Бул өзүнө болгон ишеним, өзүнө болгон сый-урматтын жок болуусуна алып келет.

Сөзсүз эле атасы жалкоо болсо, демек балдары да так ошондой болушу керек дегендик эмес да. Алар өз алдынча инсан. Ар биринин өзүнүн мүнөзү, тандоосу жана тагдыры бар. Балдарыңыз кандай боло турганын өздөрү чечиши керек. Бири-бирин сыйлап, жакшы мамиле кылууга үйрөтүңүз.

Кайын энеңиз баласын сыйлабайт, анын атасына да ушундай мамиле кылса керек, эми ачуусун неберелеринен чыгарып жатат. Сиз ага кошулбаңыз, тескерисинче, балдарыңызга аларды канчалык жакшы көрөрүңүздү, алардын жеке пикири, жасаган аракети сиз үчүн канчалык маанилүү экенин көрсөтүңүз. Балдарыңызды сыйлаңыз.

Уулдарыңызды көбүрөөк мактап, кенедей жетишкендиктери болсо да көңүл буруп, айтыңыз. Эмитеден эмгекке үйрөтүп, өзү демилге көтөрүп чыкканда колдоого алыңыз. Балдарыңыз сизден мактоо сөзүн уккусу келип өзү эле иш жасагысы келип калат. Акырындык менен эмгекчил жигиттер болуп чоңоюшат.

Ийгилик!

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Балага тарбия берүу тууралуу бул жактан окусаңыз болот:

Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем

Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши

Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу

Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт