// //

Кайын эжелерим оокатка жок келинин мактап турушат

2020.04.28, 12:26
4410

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Үйдөгү сырды сыртка алып чыгышпайт"

Жашырганда эмне колуман көп нерсе келе бербейт. Эптеп үч конокту тосо албайм. Дароо жүдөп-какап, ашмалтайым чыгып кетет. Дасторкон кооздоп, түрлөп тамак жасоо дегенге шыгым жок. Үйгө конок келе турган болсо, кайын энем кайын эжелеримди чакыртат.

Күйөөм үйдүн жалгыз уулу. Төрт кайын эжем бар. Төртөө тең бир айылда турушат. Колдорунан баары келет. Бир мүнөттө боорсок кесип, майды ысытып, бышыра калышат. Салаттарычы! Пай-пай-пай! Даамы укмуш, ресторандыкы бул жакта эле калат. Мөмө-жемиштерди бүтүн койбой, куш, гүл сыяктуу формаларды жасап салышат. 

Албетте, “биздин дагы үй-бүлөбүз бар”,- деп сүйлөнүшөт. Жаман көрбөйм, аларды туура түшүнөм. “Чоң рахмат, силер жок болсоңор мен эмне кылат элем?”,-деп ыраазычылыгымды айтам. Үйлөрүнө жөнөтүп жатканда, куржундарын толтуруп, жакшылап узатканга аракет кылам. 

Коноктор кирип келип эле, столдун үстүндөгү дүр-дүйүм тамактарды көрүп ооздору ачылат. “Жалгыз жүрүп мунун баарына кантип жетиштиң” дешет. Ким жардам бергенин айткыча, кайын эжелерим “келинибиздин колунан баары келет, кел, өйдө өткүлө”, - деп, сөзүмдү токтотуп калышат. 

Үйдөгү сырды сыртка алып чыгышпайт. “Жалгыз келинибиз” деп, мага сөз тийизишпейт. Туура эмес бир нерсе кылсам, кадимкидей урушушат, бирок жалгыз калганда гана. Кеп-кеңештерин берип, колдоп турушат. Ал эми кайын энем же күйөөм кайын эжелерим жасап берип жатканын айтып табалашпайт. 

Башында кайын эжелерим мени жактырышкан эмес. Кайын энем “иниңердин тандоосуна кийлигишпегиле”,- деп бир сүйлөгөн, ошону менен бул тууралуу сөз козголгон жок. Бара-бара бири-бирибиздин кыялыбызга көнүшүп кеттик. Бизде башка арга жок болчу. Тытышып жүрө берген менен пайда жок. Андан көрө ынтыкмакта бололу деп чечтик.

Жаманымды жашырып, жакшымды ашырып келаткан кайын эжелериме абдан ыраазымын. Мыкты кыздарды тарбиялаган кайын атам менен кайын энеме да рахмат. Ушундай үй-бүлөгө туш болгонума кудайыма миң мертебе дейм. Мен үйрөнө турган көп нерселер бар. Кайын эжелеримдин жардамы менен бул процесс батыраак болооруна ишенем.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт