Өзүмөн улуу адамга турмушка чыксам, анын жанында тез эле карып кетемби?
Мен 19 жаштамын. Жакында, буюрса турмушка чыгам. Баш кошо турган инсан менден 12 жаш улуу. Экөөбүз сүйлөшкөндө, суроосуна жооп бере албай калсам: бил, оку, үйрөн, деп айтат.
Мага кеңешиңиз керек болуп жатат. Ал адам кийин мени басынтпайбы? Кээ бирлери айтат, улуулар түшүнүктүү болот деп, кээ бири болсо, ал тез эле карыйт, сен эми күлө турган убагың келди, эрте төрөп, эрте карып кетесиң, деп жатышат.
Эмне кылышты билбей турам. Мени басынтпашы үчүн кандай амалдарды колдонушум керек? Элдин айткандарын уга берип, турмушка чыккым келбей да калды.
Асель Баимбетова
Психолог
Мен сиздин катыңызды окуп жатканда турмушка чыгууга даяр эместей сезим калды. Негизи баш кошоордо адамда мотивация болот, мисалы, балалуу болгум келет, бул адамды катуу сүйөм ошондуктан өмүр бою аны менен бирге болгум келет ж.б.
А сиз эмне үчүн тийип жатасыз, билесизби? Башкалардын сөзүн угуп, маани бергениңизге караганда, өзүңүздүн жеке пикириңиз, оюңуз калыптана элек. Элдин айткандарына таянып чечим чыгарып көнүп калгандайсыз.
Болочок күйөөңүз 12 жашка улуу деп жаздыңыз, а бирок анын мүнөзүн, кандай адам экенин, аны сүйөсүзбү же жокпу жазган жоксуз. Турмушка аттанып жатканда жуптардын ич ара мамилеси, кулк-мүнөзү, билим деңгээли, бирин-бири түшүнүүсү, жашоого болгон көз карашы ж.б. нерселер олутту орунду ээлейт. Бул нерселер жок болсо тез эле нааразычылык пайда болуп, куру үмүттөр акталбай калат.
Сиз ал кишиге адам, инсан катары маани бербей элесиз, сиз үчүн анын улуулугу жана бул тууралуу адамдардын пикири маанилүүдөй. Кээде атасы жок, энеси жалгыз чоңойткон кыздар жашы өзүнөн улуу мырзаларды издешет, анын жанында өзүн кичинекей жоопкерчиликсиз кыз сезгиси келет.
Менин сизге бере турган кеңешим, алгач “Эмне үчүн күйөөгө чыгып жатам?” деген суроого так жооп бериңиз. Чындап каалап жатасызбы? Сырттан бирөө күйөөгө тий, деп көндүрүп жатабы? Же кандайдыр бир көйгөйдү чечүүнүн же андан качуунун амалын издеп жатасызбы?
Бактылуу болуңуз!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Кыз-жигиттин мамилеси тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айырмачылыгыбыз кийин көйгөй жаратпайбы?
Мага көзүмдү караган эмес, үстөмдүк кылган эркектер жагат. Психологдун жообу
Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсөжигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?
Бетимдеги тырыктан уялып, жигитимди тик карап сүйлөй албайм
Үйлөнмөйүнчө тийбейм деди, бирок аябай кыйналып жүрөт. Эмне кылышым керек?