// //

Мага көзүмдү караган эмес, үстөмдүк кылган эркектер жагат. Психологдун жообу

2020.04.06, 15:31
10733

Саламатсызбы. Психологдун кеңешин сурайын дегем. Жашым 30да. Жигитим менен сүйлөшүп жүргөнүмө 5 жыл болду. Аябай жакшы бала: ичпейт, чекпейт, аракетчил, тиричиликке тың.

Экөөбүз бири-бирибизди аябай жакшы көрүп, сүйүштүк. Ансыз жашоомду да элестете албайт элем. Мамилеси таанышкан күндөн бери өзгөргөн жок, мени аяп, көзүмдү карап турат.

Ойлондурганы, кийинки күндөрү менин сүйүүм сууп бараткандай. Башка бирөөнү жакшы көрүп калдым десем, эч кимим деле жок.

Болгону мага көзүмдү караган эмес, үстөмдүк кылган эркектер жагат окшойт.

Мамилени улантсамбы же баарын айтып түшүндүрөмбү? Ансыз жашай аламынбы же жокпу кантип сынап көрсөм болот?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.04.2020, 15:33

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык.

Чынында күч менен зулумдукту адаштырып алуу өтө оңой.

Сиз азыр сүрөттөп жаткан жигит чыныгы мырза, күчтүү эркек экен. Күчтүү эркек гана чыныгы сезимдерге бара алат, ал сүйгөнүнө кам көрөт, көңүл бурат.

Ал эми аялдарына катаалдыгын көрсөтүп, аларды кол алдындагы малай катары көргөн эркектерди “тиран” деп коет. Алар өзүнө ишенишпейт, психикасында комплекстери толгон-токой болот. Эркектигин алсыздардын жанында гана көрсөтүшөт, басынтуунун эсебинен ишеним топтошот.

Ошондуктан күчтүүлүк менен зулумдукту адаштырбаңыз.  

Өзүңүздүн каалоолоруңузду, максаттарыңызды жакшыраак түшүнүү үчүн психологдон консультация алсаңыз болот.

Бактылуу болуңуз.

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт