// //

Бетимдеги тырыктан уялып, жигитимди тик карап сүйлөй албайм

2020.04.08, 10:37
1226

Саламатсызбы. Жашым 20да, жигитим менен сүйлөшүп жүргөнүбүзгө бир жыл болду. Бирок, менин бетимде тырыктар бар, анан мурдум чоң. Ошонун айынан уялып, жигитимдин бетине тике карап сүйлөй албайм.

2-3 жылдан кийин үйлөнөбүз деп жатабыз, а мен тырыктарыман аябай уялам. Мага кеңеш бергилечи сураныч, эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.04.2020, 10:41

Эльвира Чокоева

Психолог

Чынында, аялдар өздөрүнүн келбетин эркектерге караганда көбүрөөк сындашат. Сиз бетимде тырыктар бар, анан мурдум чоң деп жатасыз. Булар сиздин бактыңызга жолтоо болгондой.

Эсиңизде болсун, адам баласы кандай болбосун, семиз, арык, мурду чоң же кичинекей, буту кыйшык, же буту жок, анын бактылуу болууга акысы бар!

Сиздин тышкы келбетиңизге карабастан жигитиңиз жаныңызда. Экөөңөр 2-3 жылдан кийин баш кошолу, деп сүйлөшүп жатасыз, демек, ал сиздин келбетиңизге маани берген жок. Ал үчүн сиз адам катары баалуусуз.

Анын бетине тике карайсызбы, же жокпу, көрө турганын эбак эле көрсө керек. Башкысы, сырткы дефектилерге карабастан өзүңө бактылуу болууга уруксат берүү.

Сиздин комплекстерге токтоло кетсек, учурда эстетикалык медицинада көптөгөн процедуралар бар. Алардын жардамы менен тырыктардан кутулса болот.

Эгер булар сизге чындап эле дискомфорт жаратып жатса, жөнү жок өзүңдү жемелебей, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун издеп көрүңүз. Интернет аркылуу клиникаларды карап, алардын баасын, шарттарын билиңиз. Андан аркы жасай турган кадамдарыңызды пландаңыз дагы, оз каалоолорунузду ишке ашырыңыз.

Бактылуу болуңуз!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

1
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт