Үйлөнмөйүнчө тийбейм деди, бирок аябай кыйналып жүрөт. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Мен 21 жаштамын, жигитим бар. Биз 2-3 жолу жолуктук. Бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Жолукканыбызда мага жармаша берет, бирок үйлөнмөйүнчө кыздыгыңа тийбейм, деп айтат. Кыйналып жатам, ошентсе да башка кыздарга барбайм, сени менен гана болгум келет, дейт.
Туура эмес экенин билем, бирок жигитим, кыйналып, жаман болуп жатпайбы. Эмне кылышым керек? Жооп бериңизчи?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Сиз жигитим бар дедиңиз, бирок болгону 2-3 жолу гана жолугуптурсуңар. Ошол эле учурда бири-бирибизди жакшы көрөбүз, деп жазып жатасыз.
Бул чоң сүйүү экенин кантип түшүндүңүз? Адатта, алгачкы жарым жылда түгөйлөр, бирин-бири жактырышат, ошол сезимдерди сүйүү деп ойлошот. Жактыруу жана сүйүү ар башка нерселер.
Жигитиңиз, сизге жармашат, бирок тийбейм деп айтат, башка кыздарга да барбай турганын билдирет. Бала сиз менен ойноп жатканын байкап жатасызбы? Ал болгону сизди манипуляция кылууда, канча убакытта багынып бересиз? Кеп ошондо.
Жигит сексуалдык каалоосун ооздуктай албай кыйналып жатыптыр, бул жагы түшүнүктүү. Ал эми сиз эмнени каалап жатасыз? Өзүңүздүн каалооңуз кандай? Сексуалдык жашоого көз карашыңыз, негизи эле турмуштагы принциптериңиз кандай? Сиз үчүн кимдин каалоосу биринчи орунда? Сиздикиби же башка адамдардынбы?
Мен сизге бир нерсени гана айта алам. Кыздын каалоосун сыйлоо менен башталган мамилелер бекем болот. Мындай мамилеге татыктуу мырзалар гана туруштук бере алат. Ал эми олуттуу мамиле курууга даяр эмес эркектер өзүнөн өзү алыстап кетишет.
Ийгилик!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.