17 жыл бирге жашаган күйөөм бир туугандарынын сөзүнөн чыга албай койду
Сөз башынан болсун. Жолдошум экөөбүз 17 жыл бирге жашадык. Таарыныша кетип алты айдан бери эки жакта жүрөбүз. Ортодо бир эле кызыбыз бар, жакында 17ге чыгат.
Биздин жашообузга ата-энелерибиз кийлигишип коюшту. Айылда, кайын атамдын үйүндө турчубуз. Күйөөм чечкинсиз, ата-энесинин бир туугандарынын сөзүнөн чыга албайт. Алар жакында ага башка аял алып беребиз деп жатышыптыр.
Мен шаарга келип, жумушка кирип алгам, кызым мени менен. Күйөөм экөөбүз телефондон сүйлөшкөндө жакшынакай эле сүйлөшүп, кайра келчи, деп айтат, бирок келип алдыман өтүп, алып кетүүгө эрки жеткен жок.
Мен да болбой койдум. Өзүм кеткен жокмун, мени үйдөн кайын энем кууп чыккан. Бир жашап жүргөндө күйөөм башка аялдарга барып жүрдү, мага да колу тийчү, жөнү жок кызганчаак эле.
Кызым, атасын, чоң апа, чоң атасын жакшы көрөт. Ошентсе да, барбай эле коюңуз, кайра эле баякы күндөр, бакы жашоо башаталат, ошол сизге жагабы дейт. Бирок ошончо жыл бирге болуп, анан ажырашып кеткенибизге ичим күйүп жатат. Стресс болуп эмне кылышты билбей турам.
Мага кеңеш бергилечи?
Асель Баимбетова
Психолог
Силер көп жыл бирге болдуңар. Ошого карабай кетип калганыңарга караганда олуттуу себеп болгон өңдөнөт. Сиз азыр өзүңүздү жоготуп, андан аркы жашооңуз кандай боло турганын элестете албай жатасыз. Белгисиздик, адамды кыжаалат кылып, жагымсыз ойлорго, сезимдерге түртөт.
Күйөөңүздөн дагы деле үмүтөтүп, анын биринчи кадам жасай турганын күтүп турган чакта жаңы жашоого ыкташып, жолун таап кетүү ого бетер оор болот. Сиз андан ата-энесине, бир туугандарына каршы чыгып, сизди келип алып кетээрин күтүп жүрөсүз. Тилекке каршы, сиз жазып жаткан фактылар тескерисин айтып жатат. Күйөөңүз үчүн ата-энеси жана биртуугандары биринчи орунда турат. Мындай позицияны эч качан өзгөртө албайсыз.
Бул кырдаалда сиз күйөөңүзгө жана кайын журтуңузга эч кандай таасир эте албайсыз. Алардын ой жүгүртүүсүн жана мамилесин өзгөртө албайсыз. Бирок сиз өзүңүздү, жеке жашооңузду өзгөртсөңүз болот.
Эки жолго түшкөнүңөрдү факт катары кабыл алыңыз дагы андан аркы жашооңузду улантыңыз. Жумушка кирип алыптырсыз, азаматсыз! Жаңы дос, курбу күтүңүз, китеп окугула, спорт менен машыккыла, алдыга пландарды куруп, аларды ишке ашыргыла.
Кандай эмоцияларга туш болсоңуз бардыгын чыгарууга өзүңүзгө уруксат бериңиз: ыйлаңыз, жиндениңиз, нааразы болуңуз, ачууланыңыз.
Бирок, бул сезимдерди кызыңыздан чыгарбаңыз. Аны атасына, чоң ата, чоң апасына каршы кайраштырбаңыз. Кызыңыздын психикасын бузбаңыз.
Сизге күч-кубат тилейм. Бактылуу болуңуз!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?