// //

Болушунча карманайын дейм, бирок болбой эле айтышып кетчү болдум

2020.04.24, 10:56
1406

Саламатсызбы. Мен аябай психологдун кеңешине муктажмын. Жашым 31де, үч уулум бар. Күйөөм экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз, үйдүн кичүүсүбүз, кайын энем менен бир турабыз. Акыркы күндөрү анын катаал мамилесине чыдабай калдым. Мурун үндөбөй кутулчу элем. Акыркы кезде айтышып кетмей болдум. Болушунча карманайын дейм, бирок болбой калды.

Кайын эжем, кайын агаларым болуп бир айылда турабыз. Ар кимиси каалаган учурунда келип кете беришет. Жакын болуп, күндө көрүшсө деле телефон менен кечке сүйлөшөт. Үйдө болуп жаткандын бардыгын айтып берет.

Карантин учурунда ого бетер эригип, мага асылганды эрмек кылып алды. Эч жака кете албайсың дегенчелик кылып, мурункудан да күчөдү.

Мен кетким келбейт, күйөөмдү жакшы көрөм, экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Аны аяп, көп нерсе айтпайм, сөз ташыгым келбейт.

Мага болгону кеңеш айткылачы, кайын энем менен кантип тил табышам? Кантип үй-бүлөмдү сактап калам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.04.2020, 11:02

Камила Юсупова

Психолог

Негизи ар бир үй-бүлөнүн өз алдынча жашаганы туура. Алардын жеке жашоосуна, ич ара мамилесине башкалар кийлигишпеши керек.

Бирок, ар биринде эле бөлүнүп жашоого мүмкүнчүлүк боло бербейт. Ошондуктан, конфликти чечүү үчүн анын себебин аныктоо зарыл. Кайын энеңизден ага эмнеңиз жакпай турганын ачык сураңыз. Ал сизге асылса, конфликтен унчукпай кутулуп, же кошо айтышуунун кереги жок. Аны менен эч кандай натыйжага жетишпейсиз.

Жайдары пикирин угуууга аракет кылыңыз. Анын тактикасына өтүп, ачууга алдырбаңыз. Туура айтып жаткан болсо моюнга алып, “туура айтып жатасыз, сиз айткандай кылалы”, деңиз. Туура эмес деп ойлосоңуз, аны да мүмкүн болушунча жайдары “жок, апа мен макул эмесмин”, деп айтыңыз.

Күйөөңүздүн бир туугандары менен болгон мамилеңиз тууралуу ойлонуп көрүңүз. Арасында сизди түшүнгөн, сиз тарапта болгондору да болсо керек. Кээде сизге болушуп коюуусун суранп көрүңүз. Алар деле апасынын кыялы оңой эмес экенин билип, көрүп турушса керек.

Күйөөңүз үчүн апасы жана бир туугандары, алар менен болгон мамиле абдан маанилүү. Сиз аны жакшы түшүнүп турасыз. Азаматсыз! Күйөөңүздү колдоп, чыр-чатакты андан ары өрчүтүп ийбей, сөз ташыбаганыңыз да мактоого татыктуу. Бирок, сиздин нааразычылык, ичиңиздеги уйгу-туйгу баары-бир сиздин абалыңызга, экөөңөрдүн мамилеңерге таасирин тийгизет.

Ошондуктан, болуп жаткан нерселерди ачык, агрессиясы жок айтып, түшүндүрүп бериңиз. Бир үйдө жашап, бир үй-бүлө болгон соң, бардык көйгөйлөрдү айтып, бирге чечкен туура болот.

Бактылуу болуңуз!

Психолог Камила Юсупованы инстаграмдагы @institute_auca_kg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Үй-бүлөдөгү мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Күйөөдөн көңүлүм калды, ушуну ата-энеме кантип түшүндүрөм? Психологдун кеңеши

Жолдошум таарынчаак, “ажырашам” – деп туруп алды. Эмне кылышты билбей турам

Онлайн сабак окуп отурсам “эч нерсе кылбайсың, пайдаң жок” – деп айтышат

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт