Күйөөм уялчаак, ошондон улам төшөк маселесинде түшүнбөстүктөр жаралууда
Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма 1,5 жыл болду. Ортодо кызыбыз бар. Күйөөм жакшы, экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Башында бардыгы ойдогудай болчу. Кийин төшөк маселесинде көйгөй жаралды. Күйөөм өтө уялчак, жыныстык катнашыбыз бирдей. Жаңы түр, жаңы ыкмаларды колдонгондон тартынат.
Ушунун айынан каалоом жок болуп баратат, секс бүткөндөн кийин сүйлөгүм да келбейт. Ошого ачууланып, нерв болом. Башка эркек менен болсом, жагып кетчүдөй сезилет. Ажырашкым да келип кетет.
Эмне кылам? Кеңеш бериңизчи?
Наталья Ивахник
Сексолог
Саламатчылык. Эмне кылам, деп кайрылып, бул маселени чечүүгө аракет кылып жатканыңыз жакшы. Анткени, күйөөңүзгө сексуалдык кызыгуу жоготконуңуздун башкы себеби өзүңүз. Каалоолоруңузду катып алгандайсыз.
Алгач, ажырашуу жана башка эркек менен болуу тууралуу ойлорду четке кагууну сунуштайм. Себеби, башкага деле кызыгыңыз тез эле тарап, так ушул сценарий кайталанат. Сиз үчүн эң жакшысы, күйөөңүз менен мамилени жана процесстин өзүн оңдоо.
Сиз пассивдүү ролду тандап алдыңыз. Жаңы нерсени каалайсыз, бирок эксперимент жасоону сунуштабайсыз. Демилгени күйөөңүз өзү көтөрүп чыгуусун каалап жатасыз.
Буга башка эркек менен болсом, жагып кетчүдөй сезилип кетет, деп жазганыңыз далил. Сиз энергияңызды, фантазияларыңызды башка нукка буруп жатасыз. Жок нерсе, сизге жакшыраак сезилип жатат.
Ошондуктан бардык энергияңызды, каалооңузду реалдуу мамилеге буруңуз. Күйөөңүз уялчак болсо анын көңүлүн ачыңыз, ойноңуз, кылыктаныңыз. Башыңызда болгон фантазияларды ишке ашырыңыз.
Ал сөзсүз эле сексуалдуу болууга тийиш эмес. Күйөөңүздү жакшылап изилдеп, андагы жакшы сапаттарды, сизди башында кызыктырган кылык-жоругун, мүнөзүн табууга аракет кылыңыз. Бул сиздеги энергияны жана каалоону жаратат.
Шартыңыз болсо, психотерапевтке кайрылып көрүңүз.
Ийгилик!
Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @pro0kosmos баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден жыныстык катнаш тууралуу башка материалдарды окусаңыз болот:
Канча жаштан баштап жыныстык катнашка барса болот? Сексолог айтып берет
Төрөттөн кийин аял кумар албай калышы мүмкүнбү? Сексолог жооп берет
Мен аялымдын канып калганын кантип түшүнөм? Сексолог жооп берет
Күйөөм менен кошулганда оорутат, эмне кылсам болот? Сексолог айтып берет