// //

"Башкалар сонун эле эмизип жатпайбы, кандай эле сенден сүт чыкпайт?" деп урушат

2020.04.09, 13:21
5804

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Эмизсем да, саасам да эмчегимден сүт чыкпай койду"

Өзүм жактырган жигитке турмушка чыктым. Көп өтпөй жакында ата-эне болоорубузду билдик. Бизден өткөн бактылуу адам жок эле. Андан кийин күтүлбөгөн окуялар болду.

Тогуз ай бою баламды кыйынчылык менен көтөрдүм. Толгоом оор өтүп, төрөттөн кийин көп кан кетип, реанимацияга түшүп калдым. Кан куюп жатышып, араң алып калышыптыр. 

Жолдошум үйгө чыгарып келип, айылга жөнөп кетти. Кайын энем экөөбүз шаарда, батирде калдык. Эмизсем да, саасам да эмчегимден сүт чыкпай койду. Түнү менен уктабай балама “смесь” даярдап берем. Кыйналганыман ыйлайм. Кайын энем колдоп койгондун ордуна, “элдики жакшынакай эле чыгат, эмнеге сеники чыкпайт”,-деп урушуп, “мынча “смесь” бер”, “суу көп бербе” деген сөздөрдү айтып жанымды койбоду.

Кайын энем эртең менен эрте туруп төшөктөрдүн баарын жыйнап коет. Түндө уктабай чыккан жаным, бир аз болсо да уктап алгым келет эле.

Көп өтпөй күйөөм келди. “Смесь” ичкен бала суусайт экен. Суу берейин деп 30 миллиграмм суу даярдасам, кайын энем “10 миллиграмм эле бер”,-деп урушту. Калганы калып калат да, каалашынча иче берсин, деп айтсам, күйөөм келип сөктү. Ызаланып, ыйлап жатсам, кайын энем “кыйратып бала караганыңды көрөм”,-деп тилдеди.

Менин абалымды эч ким түшүнгөн жок. Бир жакшы сөз уккан жокмун. Оюмду бир жерге топтой албай, балама качан “смесь” бергенимди унутуп, жазып турууга мажбур болдум.

Күйөөм балам экөөбүздү айылга алып кетти. Балам түнү менен ыйлайт. Эмизсем сүт чыкпайт. Жанымда уктап жаткан күйөөмө, “туруп, “смесь” даярдап берип койсоң боло” десем, башка чаап, муунтту. Биринчи жолу колу тийди. Мага болгон мамилеси апасына болушуп, сөккөндө эле өзгөргөн.

Ыйлап кайын энеме түндө саат үчтө барсам, күйөөмө эч нерсе деген жок.

“Кетем” дедим. Кайын энем “балаңды кантип карайсың”, “кетсең, кайра келем деп ойлобо” деди. Кийин күйөөм кечирим сурады. Балам үчүн калып калдым. Катуу депрессияга кабылдым. Кайын энемди аябай жаман көрүп калдым. Ага болгон жек көрүмдү кантип жок кылсам болот?

Адис кеңеш берет

Асель Баимбетова, психолог

Катыңызды окуп чыккандан кийин, менде ар кандай сезимдер пайда болду: боор оору, ачуулануу, кайгыруу. Ушундай турмушта жашап, чыдап жүргөнүңүзгө боорум ооруп жатат.

Кайын энеңизге кантип мамиле кылуу керек экенин жазып жатасыз. Бирок бул жерде кеп кайын энеңизде эмес, күйөөңүздө. Сиз жолдошуңузга турмушка чыккансыз, апасына эмес. Бирок сиз бардыгына кайын энеңизди күнөөлөп жатасыз.

Кеткиңиз келгенин айттыңыз, бирок алардын айткандарынан коркуп, күрөшүүнү токтоттуңуз. Өзүңүздү коргоп, күрөшпөй койгонуңуз өкүнүчтүү. Сиз кетсеңиз, өз алдынча жашай албай калгандан чоочулап жатасыз. Азыр дагы коркуу менен жашап жүрөсүз.

Күйөөңүз башынызга уруп, ден соолугуңузга, өмүрүңүзгө коркунуч келтирип жатса, кайын энеме болгон жек көрүүмду кантип жок кылам деп сурап жатасыз. Жек көрүү бул нормалдуу сезим. Башка чаап, муунтуп жатса, басынтып жатканда жек көрүү сезиминин пайда болуусу, нормалдуу адамдын нормалдуу реакциясы.  Ал эми сизге жасалып жаткан мамиле нормалдуу эмес. Өзүңүздү коргоп же туугандарыңызды чакырып көйгөйдү чечип же мындай шартта жашабай кетиш керек. Жаңы эле коз жарган, жаш келинге мындай мамиле жасалып жатканы  абдан өкүнүчтүү.  

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт