// //

Кичинекей балдарга коронавирус жугушу мүмкүнбү? Дагы 12 суроого жооп

2020.04.15, 16:25
1996

Бардык жерде коронавирус илдетине улгайып калган адамдар көбүрөөк дуушар болушат деп айтылууда. Ошентсе да, көпчүлүк ата-эне балдарына кабатыр болуп жатышат. Педиатр Роман Шиян суроолорго жооп берди.

 Кичинекей балдар COVID-19 менен оорушу мүмкүнбү?

Коронавирустук Инфекция чоңдорго салыштырмалуу кичинекей балдарда азыраак катталган. Башка мамлекеттердеги маалыматтарга ылайык, алар жалпы жугузгандардын 1-5% гана түзүшөт. Бирок бул балдар такыр оорубайт дегендик эмес. Баары бир коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл.

  1. Коронавирус сүт аркылуу энеден балага жугушу мүмкүнбү?

Бул суроого так жооп жок. Кытайлык изилдөөчүлөрдүн билдирүүсүнө ылайык, COVID-19 диагнозу аныкталган аялдын  сүтүндө вирус табылган эмес. Бирок бул изилдөөгө алты аял гана катышканын эске алуу керек.

  1. Кош бойлуу аял баласына вирус жугузушу мүмкүнбү?

Кытайдагы COVID-19ду жугузган 38 кош бойлуу келиндердин наристелеринде инфекция аныкталган эмес. Кийинчерээк көз жарган үч аялдын жаңы төрөлгөн ымыркайларында пневмония оорусу тастыкталган. Ооруп калган балдардын бардыгы сакайып кетишкен.

  1. Чоңдор менен балдардын симптомдору айырмаланабы?

Жалпысынан COVID-19дун симптомдору чоңдордо да, балдарда да бирдей. Бирок, кичинекей балдарда анын белгилерин аныктоо таталыраак, себеби жеңилирээк формада өтөт. Ошентсе да, оорунун оор формалары менен жабыркаган балдар да катталган.

  1. Балдар коронавирустун оор формасы менен оорушу мүмкүнбү?

Көпчүлүк балдарда коронавирустун симптомдору көп байкалбайт, жана оору жеңил формада өтөт. Адатта алар бир-эки жумада эле айыгып кетишет. Бирок оор формасынан жабыркап, чарчап калгандар тууралуу да фактылар бар.

Коркунуч туудурган топко иммунитети начар жана бир жашка чейинки наристелер кирет.

  1. Эмне үчүн чоңдорго салыштырмалуу кичинекей балдарда COVID-19 жеңил формада өтөт?

Бул суроого так жооп жок. Дарыгерлердин божомолдоолору боюнча: 1) балдар менен чоңдордун иммунитетинин реакциясы айырмаланат; 2) балдарда башка респиратордук вирустар да көп, алар ич ара коронавируска атаандаштык жаратып, вирус жугузуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт; 3) дем алуу органдарындагы клеткалардын үстүнкү катмарында камтылган ACE2 белогунун көлөмү чоңдор менен балдарда айырмаланат.

  1. COVID-19ду жугузган балдарга госпитализация керектелеби?

АКШда оору жугузган балдардын 6-20%ы гана интенсивдүү терапияга муктаж болушкан.

  1. Коронавирус жугузган баланын диагнозун лабораториялык тастыктоо зарылбы?

Лабораториялык тастыктоо клиникалык жактан өтө деле маанилүү эмес. Себеби кичинекей балдарда респиратордук ооруларды дарылоонун ыкмалары башка респирадордук инфекцияларды дарылоого окшош.

  1. COVID-19ду жугузган балдарды кандайча дарылашат?

Жогоруда айтылгандай кичинекей балдардагы COVID-19ду дарылоо башка вирустук респиратордук инфекциялардан кескин айырмаланбайт.

Негизинен симптоматикалык белгилерди басаңдатуучу жана ооруну андан ары өрчүтүп жибербөөчү чаралар көрүлөт.

  1. COVID-19дун симптоматикалык белгилерин дарылоо үчүн ибупрофен колдоно берсе болобу?

 Европадагы дарыгерлердин билдирүүсүнө ылайык, ибупрофенди ичүү ооруну оор формага өткөрүп жибериши мүмкүн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул маалыматты тастыктоочу эч кандай фактылар жок экенин билдирет. Ошентсе да, аталган уюм так маалымат белгилүү болгонго чейин баланын дене табын түшүрүү үчүн ибупрофен эмес, парацетамол колдонууну сунуштайт.

  1. COVID-19га каршы вакцина качан пайда болот?

Оптимисттик божомолдоолорго таяна турган болсок, вакцинаны иштеп чыгуу жана аны сыноого 18 айдан кем эмес убакыт керектелет.

  1. Пандемия учурунда кичинекей балдарды эмдетсе болобу?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия учурунда да эмдөөнү кийинкиге калтырбай өз маалында алып турууну сунуштайт. Себеби, иммунизацияны жүргүзүп жаткан кызматтардын ишинин кыска убакытка да үзгүлтүккө учурашы иммунитети төмөн адамдардын санынын көбөйүүсүнө алып келет. Ошону менен башка инфекциялар да күч алып кетүү коркунучу жаралат. Мунун бардыгы мамлекеттердин саламаттыкты сактоо системаларына кошумча жүк келтирет.

Бул өзгөчө жаңы төрөлгн наристелерге тиешелүү. Төрөт үйлөрүндө пневмококтук инфекция, полиомиелит жана кызылчага каршы вакцинация жүргүзүлөт.

 

Маалымат Mel.fm сайтынан алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт