// //

Ала жипти аттабасам да, аялыма шатырата калп айта берем

2020.03.27, 12:35
2598

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Идеалдуу көрүнгүм келеби же бул бир оорубу билбейм"

Эл катары үй-бүлөм бар. Келинчегимди сүйөм, сыйлам. Анын дагы мага болгон мамилеси ушундай. Сырттан караган адамга бактылуудай көрүнүшүбүз мүмкүн. Бирок, менин айыман үйдө күн алыс уруш чыгат.

Идеалдуу көрүнгүм келеби же бул бир оорубу билбейм, келинчегиме калп айта берем. Дос-туугандарым бул адатым тууралуу билбейт, анткени аларга ар дайым чын сүйлөйм. Мени так жүргөн, калп айтпаган киши  катары таанышат. Канча аракет кылсам деле, келинчегимди көрөр замат баягы адатымды баштайм.

Ала жипти өмүрү аттаган эмесмин, жумушум бүтөөрү менен тапканымдын баарын көтөрүп алып, түптүз үйгө жөнөйм.

Аялыма кошулуп кайын-журтум мага ишенбей калды. Калпым баары бир билинип калат. Минтип отурсам аягы жакшылыкка алып барбайт. Кызымдын атасыз өсүшүн каалабайм. Келинчегимдин ишеничин актасам дейм. “Эмнеге мен калп айтам?” деген суроону өзүмө миң ирет бердим. Жооп жок.

Адис кеңеш берет

Виталий Пукаев, Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт

Катыңыз эки башка сезимдерди калтырды: кайгы, өкүнүү жана чыңалуу. Сурооңузду окуп жатканда карама-каршылыктарды байкабай коюу мүмкүн эмес: бир жагынан, өнөктөшүңүзгө жана анын сизге болгон “сый” жана “сүйүү” сезимдерин, ошол эле учурда, "туруктуу калп" көйгөйү бар экендигин баса белгиледиңиз. Мындай жүрүм-турумуңуз сизге тоскоол болгонун да айттыңыз.

Бул нерсе каалооңузга карабастан ишке ашып, сиз башкара албай тургандай сыяктуу. “Өзүнөн-өзү болуп жатат” дейсиз, бирок башкалар менен болгон мамилеңизде андай эмес. Ошондуктан, көйгөйдү майда-чүйдөсүнө чейин түшүнүп, сизге кеңеш берүү үчүн, менде бир катар суроолор пайда болду.  

Мамиледеги калп -  татаал көрүнүш. Калп - бул фантастика, калп - бул оюн, калп - бул манипуляция жана көзөмөл, калп - бул агрессия жана өзүн өзү көрсөтүүгө же көңүл бурууга аракет кылуу. Корккондуктан калп айтуу, кесепеттерден же өнөктөшүбүздүн көңүлүн калтыруудан чочуркап калп айтуу ж.б.

Кандай болбосун, кандайдыр бир себептерден улам мамиледеги ишеним жана коопсуздук жоголгон сыяктуу, себеби сиз ортодогу түшүнбөстүктүн бузулушу жөнүндө дагы кеп козгодуңуз. Кааласаңыз, келинчегиңиз менен бирге психологго кайрылып, жуптардын терапиясынын өтсөңөр болот.

Экинчи тараптан алганда, катыңыздын ар бир сабында кечирим сурап, актангандайсыз. Сизди эч ким күнөөлөгөн жок, бирок сиз "жакшы" аракеттериңизди жана ниеттериңизди тизмелеп жатасыз. Балким, бул көйгөй өзүн-өзү төмөн баалоо, ошондой эле жоопкерчилик жана бийлик менен байланыштуу.

Акыр-аягы, эс тартып калган чоң кишисиз жана бул сиздин үй-бүлөңүз, бирок сизге бир нерсе тоскоол болуп жатат. Ортоңордогу мамиле жана сиз тууралуу пикирлер сиз үчүн маанилүү экени көрүнүп турат. Балким сиз менен индивидуалдуу иштегенден кийин гана бул калптын себеби билиниши мүмкүн. Психолгго кайрылып кеңеш алып көрүңүз.

Бактылуу болуңуз!

Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келинчегимди жоктоп жатканда, мага жаңы аял издегендер көбөйдү

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт