// //

Келинчегимди жоктоп жатканда, мага жаңы аял издегендер көбөйдү

2020.03.25, 18:40
6175

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

- Ичип кетпесе болду.

- Жаш неме башкасын табат да.

- Балдарын кайын энесине берет бекен?

- Бербей анан, өзү кантип карамак эле.

“Бербейм!” Шарт бурулуп артымда турган эки аялды карадым. “Неме, неме” дешип аң-таң боло түшүштү. Экөөнү тең билбейм, кыязы алар деле мени тааныбайт. Басып кеттим.

Тогуз жыл жанымда жүргөн жашоомдун маңызын жоготуп, кан жутуп отурсам мага аял издегендер көбөйдү. “Жанагынын бир эрден чыккан кызы бар” дешип ар кимиси акырын келип шыбырап кетет. Эч бирөөсү менен ишим жок. Менде азыр бир гана суроо бар: “Сенсиз кантип жашайм?”

Катуу ооруп калды. “Кой” дегенин укпай машинамды, үйдү саттым. Чет өлкөлөргө алып барып, мыкты деген дарыгерлерге көрсөттүм. Тилекке каршы, жыйынтык чыкпады. 

- Мен чарчадым, балдарды сагындым.

- Уколдоруң эмне болот?

- Суранам, мени үйгө алып барчы.

Арыктып, өңүнөн азып калган апасын көргөн балдарым чочуркап кайын энеме ыктады. “Келегой, бул мен апаң”, акырын көзүнүн жашын сүртүп, балдарга колун сунду. Кызым чуркап келип кучактады. Чыдай албай сыртка чыгып кеттим. Бир жумадан кийин жашоомдун маңызы мени таштап узакка сапар алды.

Күлкүсүн сагындым. Жытын сагындым. Жумшак колун сагындым. Чачын тарап отурган элесин сагындым. Кечигип келсем тосуп алчу ачуулуу жүзүн сагындым.

Эми мага “жашоомдун маңызы” деген номер эч качан чалбайт.

Кыркылыгы өтпөй жатып, “балдарга баары бир апа керек” деп акыл үйрөткөндөр ачуумду келтирди. Айрымдары ачык эле бирөөнүн номерин беришип, “мен айтып койдум, чалсаң эле алат” деп жатышты. “Эми төшөк жаңыртат экенсиң да” деген досторум да болду. Баары ушуну эле күтүп тургандай сезилди. Эмнеге адамдар мынчалык таш боорсуңар?

Аялымды татыктуу жоктогонго мүмкүнчүлүк бергилечи, суранам?

Кантип мен башкага үйлөнөм? Жаздыгына кантип бирөөнүн башын койдурам? Кичинекей балдарымды кантип бирөөгө кор кылам?  Күйөө болуу, ата болуу кубанычын тартуулаган адамды кантип унутам? Кантип? Айткылачы? Могу кансырап жаткан жүрөктү алып таштабасам эле, силердин айтканыңарды аткара албайм. 

Өлбөй аман болсом балдарымды өзүм багам, эч нерседен кем кылбай чоңойтом, кийин аялымдын жанына барганда бетин карай ала тургандай тарбия берем. Ооба каалабасам дагы күйөө статусунан ажырадым, бирок мен дале атамын!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт