// //

Өмүрү айылдан чыкпаган апамды эс алууга алып барсам каза болуп калды

2020.03.19, 11:15
9681

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Айылдан жакшынакай болуп учуп келген"

Апакем ай... Кызыңды кечир! Мен сага жамандык каалаган эмесмин. Мындай болуп кетээрин билсем, айылдан чыгарбайт элем.

Өзүм Туркияда жашайм. Жакында үй сатып алдым. Бутума тургандан кийин апамды эс алып кетсин деп жаныма чакырдым. Анан...

Айылдан жакшынакай болуп учуп келген. Эки жума сонун эс алды: кооз жерлерди көрсөттүм, ресторандарга барып тамактандык, сүрөткө түштүк ж.б. 

Грипп болуп ооруп көзү өтүп кетти.

Дары берип үйдөн карап жаттым. Абалы курчуп кеткенде бейтапканага алып бардым. Дарыгерлер кеч болуп калганын айтышты. Апааа! Жаш кетти. Айылдан эч жакка чыккан эмес.

Алып келбей эле койсом болмок экен. Эртерээк дарыгерге көрсөтсөм болмок экен. Кайдагыны баштабай жөн эле отурсам болмок экен. Өкүнүчтөр жеп койду. Өзүмдү күнөөлүү сезип жатам. Депрессияга батып баратам. Мага кеңеш бергилечи!

Адис кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Сизге терең кайгыруу менен көңүл айтам! Кандай гана кырдаал болбосун жакындары каза болгондо, туугандары ар дайым өздөрүн күнөөлөйт. Эгер апаңызды чакырбасаңыз, ал өз мекенинде көз жумат эле, анан сиз аны саякаттатып, жер көрсөтпөй калганыңыз үчүн өзүңүздү күнөөлөмөксүз.

Учурда коронавирус жер планетасынын бардык аймактарында жайылып жатат. Кыргызстанда дагы пайда болду. Апаңыз ар кайсы жерде ооруп калмак. Тагдыр ушундай. Сиздин күнөөңүз жок. 

Апаңыз кандай гана бактылуу болгонун эстеңиз - саякаттады, үйүңүздү көрдү жана башка көптөгөн таасирлерге ээ болду. Узап кеткенге чейин сизден бир топ позитив алды. Ал чынында бактылуу болду! А бирок бул сонун нерселерди көрбөй да калмак. Апаңыздын бактылуу жана ыраазы болгон элесин эстеп жүрүңүз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Шаардык келинибиздин кетмен көтөрүп суу буруп жүргөнүн көрүп оозубуз ачылды

Кайын энем “мага кызмат кылганы келдиң беле” деп урушту

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
19.03.2020, 11:53

Кайрат кылыныз, сиз баары жакшы болсун, апам жок дегенде менин жакшылыгымды коруп, эс алып, эл-жер коруп кетсин дединиз. Ичээр суусу тугонуп, бул дуйно менен кош айтышты. Сиз куноолу эмессиз.

 

0
Пайдалуу жооп
В
Венера
19.03.2020, 13:26

Сиз кайгырбаныз апаныздын арбагы ыраазы,эл жер корсотуп колунуздан даам таттырдыныз,аттин омурдун аздыгы апаныздын жаткан жери жайлуу болсун,коп кейибениз озунузду караныз .

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
19.03.2020, 16:38

Кайрат кылыныз,сиздин куноонуз жок ,демек апаныздын ичээр суусу ,корор куну буткон ,жаратканыбыз демек апаныздын олумун ошол жактан буюруган ,апаныздын жаткан жери жайлуу ,топурагы торко болсун ,сабыр кылыныз

0
Пайдалуу жооп
Г
Гули
19.03.2020, 20:50

Сабыр тилейм

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
19.03.2020, 21:01

Алланын буйругу менен болду. Кайгырбаныз. Жакында баарыбыз барабыз. Бир жалбырак да Алланын окумусуз тушпойт.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
19.03.2020, 21:03

Аллахым жайын жанаттан берсин!Сабыр кылыныз Сиз жакшылык эле кылдыныз эс кимибиз билбейбиз ким канча жашайт экенин...Намаз окуу менен женилдейсиз!Баары жакшы болот!Апанызга дуба намаз окуу менен эле жардам бере аласыз ?

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
19.03.2020, 21:56

да

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт