// //

Шаардык келинибиздин кетмен көтөрүп суу буруп жүргөнүн көрүп оозубуз ачылды

2020.03.18, 17:08
6239

Иним шаардык кызга үйлөнөөрүн айтканда туугандардын баары чалкабыздан кетип, каршы болдук. Апам “аның бизди теңине алабы” деп урушса, атам “өзүбүздөй эле карапайым бирөөнүн кызын алсаң болбойбу” деген. Көшөрүп турган инимди карап отуруп боорум ооруган.

Иним бою кыска, бети сепкил, кара тору, бүтүрөйгөн көзү бар жигит. Кантип эле шаардык кыз ушу Такуну сүйүп калсын деп, башында ишенген жокмун. Малга чөп салып жүрсөм, “келиниңиз” деп ак жумал келген кыздын сүрөтүн көрсөткөн. Баары бир ишенген жокмун.

Экөөнүн таанышканын айтып берейинби? Иним шаарга жаңы барган кези. Биринчи окуу күнү уктап калып сабагына кечигип калат. Мугалими орус экен. Ал убакта иним орусча учурашканды эле билчү. Саламдашып коюп кирип баратса, мугалими токтотуп ким экенин сурайт. Ушул группада окуйм деп түшүндүрүп бүткүчө студенттердин баарынын боору эзилет. Арасында келинибиз бар экен.

"Шаардан билим алып, кайра айылыма келип күнөөскана куруп иштетем" деген максатын ишке ашырды. 

“Биз чыктык, тосуп алгыла!”  Апам келиндерин чакыртып боорсок жасаганы киришти, атам сойгонго кой тандаганы сарайга чуркады. Бир заматта дасторкон жайылып, казанга эт асылып калды. Ошентип келиндүү болдук. Баса, мен үйлөнө элекмин. Иниме жол бошотуп бергем.

Келинибиз баарыбызга жакты. Апам экөө курбудай эле болуп калышты. Атам басса-турса батасын берип, алкап турат. “Жеңе” дешип кошуналардын балдары жанынан чыгышпайт. Айтор, адамгерчиликтүү, жөнөкөй, сонун кыз экен.

“Ай келинимди көргөн жоксуңарбы?”- деп, апам бир заматта ызы-чуу салып калды. Издебеген жерибиз калган жок. Болсо ушул алма бакта жүрөт дедик. Итибизге чейин кошулуп чуркап барсак, келинибиз кетмен көтөрүп алып жайбаракат алмаларга суу буруп жүрөт. Оозубуз ачылып калды.

Иним “молодец” экен. Эч кимдин сөзүн укпай өз бактысы үчүн күрөштү. Балким туугандар айткан кызга үйлөнсө бактысыз болуп калмак. Эмнеси болсо да сүйүүсүнө жетти. Күн сайын аялы экөөнүн бири-бирине жасаган мамилесин, сыйын көрүп кубанам. Ылайым бактылуу болушсун!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт