// //

Досторум "өзүңөн кичүү кызга үйлөнсөң башкарганга оңой" дешти

2020.03.16, 10:24
5435

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Досторумдун ою боюнча бир кыз менен сүйлөшкөн "скучно"

Айылда чоңойгон жигитмин. Мектепти аяктагандан кийин шаарга келип окууга тапшырдым. Жакшы деле окучу эмесмин, багым бар экен университетке өтүп кеттим. Ошентип, бирде ток, бирде ач болгон студенттик жашоо башталды.

Учурда экинчи курсмун. Шаарды жакшы билип калдым. Дос күттүм. Бирок дале сүйлөшкөн кызым жок. Ушул жашка чейин кыз жандап баса элекмин. Айтып коеюн, тартынчаак жигит эмесмин.

Досторум бир эмес эки кыз менен сүйлөшөт. Мунун себебин сурасам, “кечке бирөө менен жүрө берген “скучно” болуп кетет”,-дешет. Кайра мени шылдыңдашып, сүйгөнүм жок экенин айтышат.

Кечээ дос балдар менен жолугуп жатакананын алдына шаурма жеп отурганбыз. Сөздөн сөз чыгып отуруп кыздар темасына келдик. Ишенесиңерби, досторумдун баары өздөрүнөн кичүү, билими жок кызга үйлөнөөрүн айтышты. Жигиттердин ою боюнча мындай кыздарды башкаруу оңой экен, анан дагы алар күйөөлөрү эки жакка басса дагы унчукпай үйдө күтүп отурушат имиш. 

Айтыңызчы, эмне үчүн досторум минтип айтышты? Кыздар менен таанышып жана болочок жубай тандап жатканда эмнелерди эске алышым керек?

Адис кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Азыр эркектер арасында мындай мода пайда болду: мен эркинмин, аялым балдар менен үйдө, каалаганымды жасайм, башкасын табам же экинчисин алам. 

Аялды үй кызматтары үчүн алгандай таасир калтырышат. 

Мындай тандоо эч кимге бакыт алып келбейт - өздөрүнө кошулуп балдары бактысыз. Алардын сөздөрүн жүрөгүңүзгө жакын кабыл албаңыз, балким айрымдары жөн гана сүйлөп жатышат. 

Кыздар менен дос катары сүйлөшүп, аларды жакшы билип, түшүнүүгө аракет кылыңыз. Нике тууралуу 30 жашка чейин ойлонбой деле койсо болот. Билим алыңыз, батирге акча табыңыз, каржы жактан бутуңузга туруп анан үй-бүлө куруңуз.

Эгер бир кызды катуу сүйүп калсаңыз, анда каалаган учурда үйлөнөсүз! Экөөңөр тең социалдык жактан тең экениңерге (бирок милдеттүү эмес), үй-бүлөсүнө, баалуулуктарына, максатына караңыз. Силер бири-бириңерди түшүнүшүңөр керек. Сиз жөн гана аял эмес, болочок балдарыңыздын энесин тандайсыз. Эң негизгиси - өмүр бою жаныңызда боло турган дос тандайсыз.

Досторуңуз ар дайым жаныңызда болбойт, мисалы ооруп калсаңыз, карызга батсаңыз ж.б. Ал эми аялыңыз эмне гана болбосун колуңузду кое бербейт. Эгер жигиттер туура жар тандашса, ажырашуу жана бактысыз үй-бүлөлөр аз болмок. Шашпаңыз! Жүрөгүңүз жана акылыңыз менен чечим кабыл алыңыз!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
18.03.2020, 19:18

Менин абысынымдын билими жок, 7-классты эле бүткөн кайнимди жаман кылат эшекче эле жумшап алат,бакырып өкүрүп.Менимче билимдүү эле кыз ал экөөң чоогу иштеп акча табасыңар.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт