Атам мени үйлөндүрөм деп саткан жылкысын төлөп бер деди
Түндө саат экиде айылдан иним чалып, атам мени азыр көргүсү келип жатканын айтты. Машинамды от алдырып, аялымдын “мен дагы барайын” дегенине макул болбой жолго чыктым. Көзүм илинип кетпесин деп музыканы жаңыртып койдум. Ошентип айылга таңкы саат бештерде кирип бардым.
Атамдын сексендин кырын ашып калган убагы. Апам экөө алты баланы чоңойтуп өстүрүштү. Тилекке каршы, апам оорудан улам төрт жыл мурун каза болуп калды.
Атам кичүү инимдин колунда. Күн сайын болбосо дагы, айына төрт-беш жолу барып кабар алып турабыз. Ооруп калса мыкты дарыгерлерге көрсөтүп, баарыбыз көңүлүн карайбыз. Бирок, атам мурдагыдай эмес. Акыркы күндөрү карылыкка алдырып баратканы көп байкала баштады.
- Кандайсыз ата, чакыртыпсыз, келдим.
- Менин карызымды качан бересиң?
- Кайсы карыз?
- Сени үйлөндүрөм деп кер кашка атымды сатып, аялыңдын калыңына саан уюмду бергем. Ошолорду алып келип кой!
- Жарайт, ата, айтканыңыздай болсун.
Шаарда батирде турам. Менде кайдагы мал-жан, бирок, бергени анык. Түштөн кийин иним экөөбүз мал базарга түшүп келдик. Сатып алган малдарды сарайга киргизип, атама көрсөтүп коюп кайра жолго чыктым. Кол булгалап узатып калган атамды көрүп жүрөгүм ооруду.
Көп өтпөй улуу байкем үйүмө келди. Бир барак көтөрүп алыптыр. Эмне экенин сурадым. “Атам менин үстүмөн милицияга арыз жазыптыр. Инибизге жеткирип бер деген экен, ал мага көтөрүп келди. Эсиңдеби, кичинемде телевизорду сындырып алгам. Ошону төлөсүн деген экен.” Ыйлаарыбызды же күлөөрүбүздү билбей туруп калдык. Байкем ал күнү меникинде түнөдү. Эртең менен дүкөнгө барып телевизор сатып алып, айылга салып жибердик.
“Балам, мен өзүмдү тааныбай баратам”, дарыгерге көрсөткөнү шаарга алып келаткам. Терезеден жолду карап бараткан атам ушул сөздү айтты. Билдирбей көз жашымды сүртүп койдум.
Бир ай меникинде жашады. Аялыма, сыртка чыкса кошуналарга “мени жакшылап карабайт”,- деп, күн сайын кичүү келинибизди жамандайт. Бирок, бул чындык эмес. Качан барбайлы атам таптаза, курсагы ток, жылуу төшөктө жаткан болот. Келинибиз дагы ак көңүл, жөнөкөй адам. Төрт баласына кошуп, атамды тыпыйтып багып жатканына ыраазы болобуз.
Бир күнү аялым тамак куюп берсе, “жаккан жок, өз үйүмө эле кетем”,-деп төгүп таштады. Айылга алып жөнөдүм.
Жаркылдап күлүп жүргөн атабыздын карылыкка алдарып баратканын көрүү биз үчүн оор. Бирок, сый -урмат көрсөтүп, жылуу сүйлөп, какпай, ыраазы кылганга аракет кылабыз. Урушса же көңүлүбүздү оорута турган иштерди жасаса таарынбайбыз. “Мени өмүр бою жаныңарга алып жүрө албайсыңар, убактыңарды текке кетирбей, жумушуңарга баргыла”,-десе болбой, кудайдан күн сайын өмүрүн сурап, жанынан чыкпайбыз.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат
Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим
Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны
Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым