Чыныгы достук жөнүндө кызыктуу тасмалар тизмеси
Bilesinbi.kg чыныгы достук жөнүндө тасмаларды тизмектеп чыкты. Фильмдердин баарын «Аmediateka» порталынан таба аласыз.
1+1
Көйгөйү көп жигит менен майыптар арабасында отурган аристократтын достугу жөнүндө кызыктуу фильм. Тасманы көргөн адам достуктун чеги жок экенине ишенет.
Достучаться до небес
Айыкпас дартка чалдыккан эки адам тандоо жасашат: ооруканада калуу же деңизди көрүү? Акыры экөө өмүрүндөгү акыркы саякатта аттанышат. Ошентип чыныгы достуктун сонун окуясы башталат.
Мост в Терабитию
Мектепте популярдуу болбогон Джесс менен Леслинин кызыктуу окуясы. Бирок, экөө теңтуштары менен болгон көйгөйгө маани беришпейт, анткени алардын өздөрүнөн башка эч ким билбеген сыйкырдуу дүйнөсү бар.
Лекарство
Бирөөсү - айыкпас дартка чалдыккан, экинчиси - эң жакын досуна дары табууну каалаган, эки өсүпүрүмдүн достугу тууралуу кызыктуу тасма.
«Амедиатека» сервиси MegaCom компаниясынын абоненттерине amediateka.megacom.kg сайтынан түрдүү тематикадагы жана ар кыл жанрдагы дүйнөлүк сериалдарды жана фильмдерди смартфондон, жеке компьютерден же планшеттен күнү-түнү жана чектелбеген көлөмдө онлайн көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Amediateka колдонмосун App Store же Google Play мобилдик колдонмолор дүкөнүнөн жүктөп алсаңыз болот.
Бул жерден башка кызыктуу тасмаларды көрүңүз:
Cаякатка чыгууга шыктандыруучу 5 тасма
ТОП 5 чыныгы эркектер тууралуу фильм
Жашооңузду түп-тамыры менен өзгөртө турган тасмалар